"Кооптуу". ЖК Элдик курултай боюнча мыйзам долбоорун карабай, кайра кайтарды

Эл өкүлдөрү тогуз ай өтсө да мыйзам долбоорун иштеп чыккандар эч нерсесин өзгөртпөй ошол тейде алып келишкенине нааразы болду.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоорун карабай, күн тартибинен алып салды.
Белгилей кетсек, "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун былтыр парламент кабыл албай койгон. Депутаттар курултайдын делегаттарына өтө эле ашыкча укук берүү сунушталганына каршы чыккан эле. Эл өкүлдөрү андан бери тогуз ай өтсө да мыйзам долбоорун бүгүн эч нерсесин өзгөртпөй алып келишкенине нааразы болду. Себеби анда курултайдын делегаттары аткаруу бийлигинин, айыл өкмөттөрдүн иштерине да кийлигишери камтылган эле.
Чыңгыз Айдарбеков алардын укуктары Жогорку Кеңештин депутаттарыныкы менен барабар болуп каларын белгиледи.
Эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү Курултай жөнүндө мыйзамды кабыл алууга каршы эместигин айтып, бирок азыркыдай редакция өтө кооптуу экенин билдиришти. Узакка созулган талаш-тартыштан кийин долбоорду өзгөртүп алып келүүнү белгилешип, бүгүнкү күн тартибинен алып салышты.
Былтыр да мыйзам өтпөй калгандыктан президент Садыр Жапаров өзү жарлык чыгарып, курултай өткөрүүнүн жол-жобосун бекиткен. Анын негизинде 25-26-ноябрь күндөрү өлкөнүн бүт аймактарынан делегаттар чогулуп Бишкек шаарында курултай өткөн.
Аскердик кызмат жана келишимдин мөөнөтүн узартуу демилгеси биринчи окуудан өттү