Курултай мыйзамы кайра ЖКда каралууда. Депутаттар артка кайтарууну сунуштады

Депутаттар биринчи сунушталган долбоордун эч нерсеси өзгөрбөгөнүн айтып нааразы болушту.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоору кайрадан парламентке келип түштү.
Мыйзамды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Чолпонбек Абыкеев азыр концепциясын колдоп берүүнү суранып, экинчи окууга чейин депутаттар менен биргеликтер өзгөртүү киргизерин айтты.
Депутат Элмурза Сатыбалдиев сунушталган долбоордун эч нерсеси өзгөрбөгөнүн айтып, күн тартибинен алып салууну сунуштады.
Ал эми Чыңгыз Айдарбеков терең ойлонулган сапаттуу долбоор болушу үчүн жумушчу топ түзүп, жакшынакай концепцияны алып келишсин деген оюн айтты.
“Азыр концепцияны кабыл алып туруп, анан экинчи окууда карап көрөлү деп жатасыздар. Бирок анысы чийки деп көп сын-пикирлер айтылды. Андыктан өзүбүздү сыйлайлы да, оңдоп келишкенден кийин карайлы”, — деди Айдарбеков.
Ал эми Гуля Кожокулова бул мыйзам долбоору артка кайтарылгандан бери тогуз ай өткөнүн, бирок эч нерсесин өзгөртпөй кайра алып келишкенин сындады.
Спикер Нурлан Шакиев азыр колдоп берүүгө чакырып, эгер экинчи окууда депутаттардын сунушу эске алынбаса, четке кагарын билдирди.
Өз кезегинде Дастан Жумабеков менен Балбак Түлөбаев курултай Конституцияда бекитилгендиктен сөзсүз түрдө мыйзам кабыл алуу керектигин айтышты.
Белгилей кетсек, "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун былтыр Жогорку Кеңеш кабыл албай койгон. Депутаттар курултайдын делегаттарына өтө эле ашыкча укук берүү сунушталганына каршы чыккан. Мындан улам президент Садыр Жапаров өзү жарлык чыгарып, курултай өткөрүүнүн жол-жобосун бекиткен. Анын негизинде 25-26-ноябрь күндөрү өлкөнүн бүт аймактарынан делегаттар чогулуп, Бишкекте курултай өткөн.
Аскердик кызмат жана келишимдин мөөнөтүн узартуу демилгеси биринчи окуудан өттү