Си Цзиньпин менен Зеленскийдин сүйлөшүүсү боюнча Ак үй үн катты

Буга чейин ЖМКлардын бири өзүнүн жеке маалымат булагына таянып Кытай лидеринин Зеленский менен онлайн-жолугушуу уюштурууга ниеттенип жатканын билдирген эле.
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. АКШ Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусун колдойт, себеби Пекин Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча Киевдин пикирин угушу керек. Бул туурасында АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливандын айтканын РИА Новости жазды.
Буга чейин Wall Street Journal гезити өзүнүн жеке маалымат булагына таянып, Кытай лидеринин Зеленский менен онлайн-жолугушуу уюштурууга ниеттенип жатканын билдирген эле. Мунун Си Цзиньпин Москвага жасаган сапарынан кийин болору айтылды.
Жолугушуу эки жетекчинин былтыркы жылдын 24-февралынан берки биринчи сүйлөшүүсү болорун айтышты.
"Мындай байланышты колдойбуз, андан сырткары, төрага Си Цзиньпинди аны жүргүзүүгө чакырабыз. Кытай жетекчиси Россиянын эле эмес, Украинанын да көз карашын билип, пикирин угушу керек деп эсептейбиз. Демек, сүйлөшүүнүн болушуна макулбуз", — деген Салливан брифингде гезитке чыккан маалыматка комментарий берип жатып.
Дүйшөмбү күнү Рейтер агенттиги кырдаал менен толук тааныштыгы бар өзүнүн маалымат булагына шилтеме берип Си Цзиньпиндин кийинки аптада Москвага келиши күтүлүп жаткандыгын маалымдаган.
Декабрдын аягында Россия президенти Владимир Путин кесиптеши Си Цзиньпинди 2023-жылы Москвага келип кетүүгө чакырган.
Июнда 70ке чыкчу Си Цзиньпин 2023-жылдын 10-мартында Кытай төрагалыгына үчүнчү мөөнөт менен кайрадан шайланды.
АКШ дүйнөлүк согуш боюнча белги берүүдө. Кытай үн катты