Газдалган суу жардам бербейт. Ашыкча тоюп алгандардын бир эле жолу бар

Адис конок тоскондорго адамдар тамактанып отура бербей турган план түзүүнү, кечеде кыймыл менен коштолгон түрдүү оюндарды уюштурууну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Ашыкча тамактанууда адам оорлошуп, жагымсыз абалга кептелип, ашказанын кыйнайт. Мындайда абалды жакшыртуунун туура жолу — кыймыл. Россиялык диетолог, гастроэнтеролог Нурия Дианова Sputnik радиосуна маек берип, адамдарды ашыкча тоюп алуудан алыс болууга чакырган.
Дарыгер өзгөчө майрамдык дасторкондо отурганда адам тойгондон кийин да тамактанууну уланта берерине токтолуп, мындай абал кайталана берсе ашказан ооруларына алып келерин белгилеген.
"Конок тоскондор адамдарды тамактанып отура бербей тургандай план түзсө туура болот. Кечеде кыймыл коштолгон түрдүү оюндарды уюштуруу да жакшы. Эгер адам өлчөмүнөн көп тамактанып алса үйдө ары-бери басып же таза абага чыгып кыймылдап келиши керек. Мындан адам жеңилдейт. Бирок тоюп турганда эңкейип алып кыймылдоо болбойт", — деди адис.
Ошондой эле ал кыймыл жардам бербесе тамак сиңирүүгө көмөк болгон дары каражаттарын ичүүнү сунуштаган. Бирок аны байма-бай иче берүү саламаттыктын начарлашына алып келерин эскертти.
"Менин айрым кесиптештерим көп тоюп алган учурда газдалган суусундуктарды ичүү керек деген кеңештерин айтышат. Мен бул ойго кошула албайм, газдалган суусундуктар ашказан жеңилдегендей сезимди бергени менен тамак сиңирүүнү жакшыртып жибербейт. Андыктан туура тамактанууну адат кылган оң", — деди Дианова.
Диетолог ач карын жегенге болбой турган азыктарды тизмектеди