Жерлерди ээлеп, кадрларды кысууда. Депутаттар Ош облусунун башчысын сынга алды

Парламентарийлер президентке кайрылып, коррупциялык жана башка фактыларды атады.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин бир нече депутаты президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун кызматын кыянаттык менен пайдаланып жатканын айтып чыгышты.
Алар президентке кайрылып, тез арада чара көрүү зарылчыгын белгилешти.
Эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулу Ноокат районунда Абшыр-Ата эс алуу жайындагы Токой чарбасына караштуу жерди үйү менен кошо 2021-жылы өзүнүн бир тууган агасы Арапбай Жамалдиновго каттатып алганын билдирди. Ошондой эле Кулатов айыл өкмөтүндөгү Жин-Жиген тилкесиндеги 181 гектар жерди, анын ичинен беш гектарын мөмө-жемиш эгем деп алып бергенин айтты.
"Менде расмий документтер турат, өмүрүндө бир күн да бизнес жасабаган президенттин ири облустагы өкүлүнө ушунча жер, мүлккө ээлик кылганы моралдык жактан уят нерсе. УКМК, прокуратура ушуларды текшерип чыгышын талап кылам. Мен Ысык-Көлдөгү пансионаттарын жана башкаларын айта элекмин. Андан сырткары, айыл өкмөттөрдөн баштап мектеп директорлоруна чейин киришкени туура эмес. Ушуга окшогон кадрлар өлкөнү артка тартып жатат", — деди Коргонбай уулу.
Анын сөзүнө депутат Эмил Жусупов да кошулуп, Ош облусунун жетекчиси туура эмес иштерди жасап жатканын билдирди.
"Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнө чоң инвесторлорду тартканбыз. Мечит, эки бала бакча, эки медресе салып берүүгө келишим түзүлгөн. Жамалдинов ошол долбоорго бут тосуп жатат. Ал эле эмес, Кулатов айылындагы 106 гектар жерди трансформациялоо документин беш айдан бери кармап, аким, айыл өкмөткө шылтап отурушат. Өздөрүнө керектүү жер болсо бир күндө каттатып алышат. Ушул боюнча чара көрүп берсеңиздер", — деди Жусупов.
Алишер Козуев да бир топ арыздануулар түшкөнүн айтып, Жамалдинов айыл өкмөт башчыларына, орун басарларына чейин басым кылып жатканын билдирди.
"Оңой акча табуу максатында мыйзамга туура келбеген жерлерди мыйзамдаштырып бересиң деп кысым көрсөтүп жатат. Айыл өкмөттөрдү акимдер көзөмөлдөйт, ага акимдин үстүнө туруп алганга ким укук берди? Ошко келген инвесторлор бир гана облус башчысынын астынан өтүш керек деген пикирде турат. Ансыз бир да кыймыл болбой калды", — деди Козуев.
Ошондой эле Кундузбек Сулайманов бул жөн маселе эместигин белгилеп, тереңирээк көңүл бурууга чакырды.
"Жогорудагыдай фактылар менен Зиядин Исламовичтин үсүтүнөн мага да арзынданышкан. Чүй облусунун башчысын иштен алган сыяктуу чечкиндүү кадамга барыш керек. Ал эмне кылып жатканын президент тийиштүү текшерүүлөрдү жөнөтүп карап койсо болот", — деди Сулайманов.
Кесиптештеринин сөзүн Надира Нарматова да кубаттап, учурда аким менен облус башчылары айыл өкмөттөрдүн үстүнөн басым кылгандан башка нерсени билбей калганын айтты.
1 / 2

Надира Нарматова

2 / 2

Нурбек Сыдыгалиев

Жыйынтыгында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев президенттин парламенттеги өкүлүн депутаттардын сөзүн мамлекет башчы Садыр Жапаров менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жеткирип коюшун талап кылды.
Гомосексуалдарга берилеби? Депутат 29 млн. доллар гранттын чоо-жайына тынчсызданды