Кыргызгидромет: тоолуу аймактарда кар көчкү түшөт

Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
"7-марттан 9-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 198-265-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот", — деп айтылат маалыматта.
Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Күн ысыйбы? Март айына карата аба ырайы