Фермерлер биримдиги бийликти айыл чарбасынын энергия көп сарпталган тармактарын колдоого чакырса, өкмөт калкка тамыры жемиш өсүмдүктөргө өтүүнү сунуштоодо деп белгилейт серепчи Надежда Сарапина.
Кудум согуштан кийинки жылдардагыдай бир кишиге үч бадыраң, помидор же калемпир карматылып, салат, брокколи, түстүү капуста, бүлдүркөн да чектеп сатылууда. Өкмөт муну Испания менен Мароккодогу күтүүсүз суукка байланыштырып жатат. Бирок эл мунун баарына адегенде — Brexit, эми — россиялык энергетикалык ресурстардан баш тартууга барган Лондондун алысты көрө албаган саясаты себеп экенин көрүп турат.
Электр кубатынын тарифтери бир нече эсеге көтөрүлүп, күнөсканалар үчүн бул өтө кымбатка түшүүдө. Фермерлердин колдоо өтүнүчүнө айлана-чөйрө министри Тереза Коффи айым "Испаниядагы суукту көзөмөлдөй албай турганын" айтып актанып, салат менен помидорду түрп же башка тамыры азык өсүмдүктөр менен алмаштырууга кеңеш берди. Анын айтымында, жашылчалардын таңсыктыгы бир айга созулат. Ал эми тамак-ашка акчасы жетишпей жаткандарды көбүрөөк мээнеттенүүгө үндөдү.
"Кирешени көбөйтүүнүн мыкты ыкмаларынын бири — бир нече саат кошумча иштеп, квалификацияны жогорулатуу", — деди министр. Улуттук фермерлер биримдигинин төрагасы Минетт Баттерс айыл чарбага мындай жеңил ойлуу мамиле экономиканын чабалдашына алып келерин эскертти.
Европа биримдигинен чыккан соң Улуу Британияны азык-түлүк менен жабдуу анчейин кирешелүү болбой калган. Жүк ташуучулар мурдагыдай жергиликтүү товарларды ташый албай, бош кайтууга мажбур. Өлкө импорттон катуу көз каранды, азык-түлүк коопсуздугу коркунучта.
Өндүрүшчүлөрдүн британ ассоциациясынын директору Жек Уорддун пикиринде кыйынчылыктар инфляциянын айынан чыгып жатат. Электр кубаты жана жумушчу күчтүн акысы да жогорулап, күнөсканалардын кожоюндары банкрот болууда. Мындан тышкары, өстүрүлгөн продукциянын түрү да азаюуда.
Испания же Франциянын өзүндө таңсыктык жок, бирок баа кескин көтөрүлүп кетти. РФтеги Энергетикалык өнүгүү фондунун директору Сергей Пикин Европа биримдигинде энергетикалык ресурстар жагдайы жайында экенин, азырынча суюлтулган жаратылыш газынын кору жетиштүү экенин белгилейт.
Кеп анын акысында. "Улуу Британияга россиялык көгүлтүр от барбайт. Мунай жана анын өндүрүмдөрү үчүнчү өлкөлөр, атап айтканда, Индия аркылуу сатып алынат. Татаал логистика акыры, албетте, сатып алуучунун эсебин эңшерет", — деп түшүндүрөт ал.
Ал эми жашылча Кытайдан ташылса арзаныраак болмок. "Бирок бул логистиканы толук өзгөртүп чыгууну талап кылат. Менимче, Британия өкмөтү өз фермерлерине көмөктөшө алат. Маселе кайсыга артыкчылык берилгенинде. Коргоо тармагына каражат жумшаган оңбу же айыл чарбасынабы?", — деген көз карашын айтат Пикин.
Көз карандысыз эксперт Леонид Хазанов Лондондо улуттук айыл чарбаны колдоо туурасында канча жолу жар салынып, бирок анык бир кадамдар аз жасалганын эске салат.
Былтыр кант кызылчасын айдоодо залалсыз пестициддерди пайдаланууга уруксат берилген. Бирок дыйкандар агрохимикаттардын кымбаттыгынан зыян тартып жатышса да минералдык жер семирткичтерди импорттоонун пошлинасы жоюла элек.
Көгүлтүр оттун да кымбаттыгы минералдык жер семирткичтердин ички өндүрүшүнө, канаттуулар чарбасын жана башка энергия көп талап кылынчу тармактарды толук камсыздоого жол бербей келет. Анан дагы Украинаны бардык жактан сүйрөө да буга бөгөт. Польшалык дыйкандар украиналык эгиндин өлкөгө киришине каршы акция өткөрүшкөн, себеби сапаты начар, бирок арзан өндүрүм алардын абалын кыйла начарлаткан.
Алар өз буудайынын баасын түшүм жыйнаган маалдагыдан да үч эсе арзан сата албай келишет. Европа комиссиясы Киев үчүн экспортту жеңилдетүүнү дагы бир жылга узарткан.
Азык-түлүк каатчылыгын курт-кумурсканы кайра иштетүүдөн алынган өндүрүмдөрдүн эсебинен жумшартуу демилгеси бар. Варшаванын супермаркеттери финляндиялык Griidy компаниясынын чегирткелерин элге грилде даярдалган ун түрүндө сунууда. Ошондой эле фалафель, болоньезе спагеттиси жана ар кандай ун азыктарына кошула турган аралашмалар да бар. Европа биримдигинде эттин ордуна белоктук кошулма катары чегирткелер, курт, күбөнүн личинкаларын колдонууга да уруксат берилген. Бул мал чарбачылыгынан чыккан азоттук калдыктарды азайтуу үчүн деп айтылат.
Адатта курт-кумурскадан алынган улпактарды буудайдан жасалган батончик, ошондой эле печенье, кесмелерге да кошушат. Бирок аллергияга алып келүү ыктымалдыгынан улам бул үчүн атайын маркировка болушу абзел. Кандай болгон күндө да мындай азыктарды европалыктардын кыртышы сүйбөстүгүн сурамжылоолор көрсөтүп турат. Британиялык Express газетасы жаңы нерсеге ачык 18ден 24 жашка чейинкилер арасында да мындай азыктарды татып көрүүгө даяр адамдар 49 пайыздан ашпайт. 65 жаштан жогорку катмардын 26 пайызы гана макул экенин жазып чыкты.
"Курт-кумурскадан алынган тамак-аш Улуу Британия жана Европанын бөлөк өлкөлөрүндө кеңири жайылышын күтүп болбойт", — дейт Леонид Хазанов. Анын айтымында, калк буга психологиялык жактан даяр эмес. Анан да топук тута турган курт-кумурскаларды өстүрүүчү фермалар да бачым пайда боло калбайт. Бул деле канаттууларды багуу же мал чарбачылыгы сымал эле чыгымдуу.
"Британиянын айлана-чөйрө министри канчалык каалаганы менен түрп да кадимки жашылчалардын ордун баса албайт. Канчалык кубаттуу болгону менен ичеги-карын, боор же бөйрөк дарты барларга сунушталбайт", — деп кошумчалайт эксперт.
Бийликтин минтип кол куушуруп отурушу айдоо аянттарынын тез эле азайышына, түшүмдүн төмөндөшүнө, фермерлердин сызга отуруп, анан да баанын дагы көтөрүлүшүнө кептейт.