Мамлекеттик ишканалар эми 3 жыл кирешесин бюджетке бербей турган болду

Учурда өкмөттүн карамагындагы ишканалардын 50 пайызы гана өзүн-өзү каржылай алат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Мамлекеттик ишканалар тапкан кирешесин республикалык бюджетке берүү милдетинен үч жылга бошотулду. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев парламентте билдирди.
Анын айтымында, буга чейин мамлекетке караштуу ишканалар кирешесинин 50 пайызын республикалык бюджетке которуп келген.
"Жакында эле министрлер кабинетинин токтому чыкты. Азыр өзүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдап алышы үчүн мамлекеттик ишканаларды үч жылга бошотуп жатабыз. Мындай саясаттын максаты — мамлекеттик ишканаларды жандантып, өзүн-өзү башкарган, кирешелүү тармакка айлантуу", — деди Амангелдиев.
Ошондой эле министр учурда 63 мамлекеттик ишкана, 34 ачык акционердик коом бар экенин, алардын ичинен 50гө жакыны өзүн-өзү баккан ишкана деп аталарын айтты.
Бийлик ар бир аймакта "Жер-Үй" сыяктуу комбинаттарды иштетүүгө кызыкдар