Элчилердин Манаска барышы, Айкөлдүн сүрү. Улуу баяндан 8 факт

Көкөтөйдүн ашынан жыл айланган соң жети кандын чатагы башталат. Кошойдун кой дегенине болбой Манастын кинелемекке элчилерин жиберип турган чагы.
Sputnik
Баатырдын капкалуу ордосу. Манастын ордосунун капкасы нак алтын экен, астындагы отурган тагы да алтын, ошол такка баатыр отурган кезде оң жагында отуз эки каны отурат, сол жагында кырк жигити бой сунат. Албарс кылыч колго алып, акырая караган алты миң аскер ар тарабынан кайтарып турат. Коргону коло тоо, арыгы темир ноо. Капканы кармап он эки күзөтчү, анын бешөө – бекзада, желдети – жетөө, ошол жетөө түрүнө караганда бир адамга ырайым кылгыдай эмес, дароо эле баш алгыдай. Муну көрүп баатырга барган элчилердин кеби түштү оозунан, жүрөгү чыкты кабынан, түңүлүштү жанынан. "Адам барар жер эмес экен, башын салган бендеси тирүү чыгар көр эмес экен, кайык минип капталса, чөкпөй өтөр көл эмес экен" дешип ордонун капкасын карап муңайып токтоп калышты, башка түшкөндү көрөрбүз деп тооп кылышты.
Жоорунчунун элчилерге чыгышы. Барган алты элчинин баары "Эр Манастын үстүнө эбин таап кире албай, санаалары бузулуп, таноолору кысылып, тер боюнан сызылып, карап турду тыш жакта". Алар эт бышымдай батына албай, бак-шактуу коргонго тигилип турганда дарбазабашы өзү чыкты. Анын аты – Жоорунчу, казактын сөзмөр да, балбан да жигити. Ошол Жоорунчу алтоону көрүп, Манаска келген элчи экенин билип, экчеңдей басып бүгүлүп, Эр Манас жакка өттү жүгүрүп. Жоорунчунун бул жүрүшүнүн, төөдөй желишинин бир шойкому барын билип Манас баатыр аны жанына чакырды да, мындай босогого дейре келишинин жөнүн сурады. Жоорунчу ошондо кысылып атып айтат: "Ээ, султаным, Кабылан Манас төрөбүз, кабагыңды бүркөсөң кар түшкөндөй көрөбүз, каар айтып сүйлөсөң жүрөк чыгып өлөбүз, күлүстөн Манас төрөбүз, күлүп койсоң жарк этип күн тийгендей көрөбүз, күңгүрөнө сүйлөсөң жүрөк чыгып өлөбүз". Ушинтип кепти алыстан баштап, эшиктен бир топ жан көргөнүн, тааный албай койгонун, минген аттары бука булчуң, буура сан, букта бакай, кулан жал, кебежи курсак, кең соору, аркар шыйрак, нар тамак кең Кашкар жактын тулпарлары экенин, үстүндөгү азаматтар жалаяк ооз, жар кабак оңо турган эр эместигин айтат. Чамасы алыстан сизди эңсеп келген элчилер окшойт дейт.
Жоорунчуга Манастын берген жообу. Муну угуп баатырдын кыл муруту солк этип, каткыра күлдү, кеңеш кылып кесек дөө басканы жүргөнүн укканын, баары биригип уруш ачканы жүргөнүн айтат да, булар ошол кандардан келген элчидир, кастыкка жүргөн ченчидир дейт да, "Жоорунчу, эми буларды сырттандыгың билгизгин, сыяпат менен киргизгин, улуктугуң билгизгин, урбай, сокпой киргизгин, көрбөгөнү көр болсун, көңүлдөрү кир болсун, эркексинип эгерде ушундан кийин бул элге элчиге келгис бир болсун!" деп суранат.
Элчилерди тосуп алуу. Төрөнүн буйругу болгон соң доол катуу кагылды, Манастын ордодо турган он эки миң аскери жабылды, бир миң колу кызарды, бир миң колу көк болуп, курттай кайнап чыгыптыр, кумурскадан көп болуп, бир миң аскер сапсары, бир миң аскер ак болуп, жоо шайманы чак болуп, жарагы бойго карк толуп, түркүн-түркүн түмөн кол дүңгүрөп чыгып алыптыр. Аңгыча сырт капкасы ачылды, сырттандар сырлуу бараң асынып, албарсын аса байланып, элчилерди ороп калды. Кай бирин карап турсаң мылтыктарын октошуп, милтелерин чоктошуп, мүрүгө кундак токтошуп, кай бирөөнү карасаң кылычты кындан алыптыр, чаба турган баштанып, чакчайышып калыптыр. Элчилер эки жагын карана албай көздөрүн жумду, эми өлтүрөт деп ыйманын айтып турду. Ошол кезде дагы доол кагылды. Капканын оозу ачылды. Жолуна жубар чачылып, он эки миң аскердин башчылары чыкты. Алар экен: казак уулу Жоорунчу, Кайгыл, Бөгөл, Тоорулчу, Шыңгынын уулу Кербени, Шыпты кашка Дөрбөнү, Бөрү жолдуу Бөгөлү, Ырчыуул, Бозуул ыктуусу, Эр Тазбаймат мыктуусу. Бедөө аттары алкынат, белдеринде кылыч шаркылдайт, башында туулга жаркылдайт. Булар чыга келгенде Манас өзү чыкты деп, алты элчи озунуп салам беришти. Ошол кезде дагы доол урулду, он эки миң мылтыктын оозунан огу бүркүлдү, обону көздөй ок кетти, чочугандан элчилер ат үстүнөн солк этти, көктөн жааган мөндүрдөй, төбөсүнө булардын көк коргошун топ этти. Оң жагынан төрт миң кол, сол жагынан төрт миң кол, аркасынан төрт миң кол элчилерди айдаган бойдон ичке кийирип жиберди. Капка ичинде узун кеткен жол бойлой кылыч кармап, кыя чапчудай дагы эсепсиз кол турат. Эси оогон алты элчи аларга салам айтса, алик жок, караган бир пенде киши жок. Булардын оң жагынан он беши, сол жагынан он беши аттарынан түшүп, алтоонун ой-боюна койбой улоолорунан түшүрүп алды. Ар бирин үчтөн киши сүйрөдү. Элчилер буга чыдабай жүрөгү кетип калыптыр, акылынан таныптыр. Алсыратып аларды баса калды баарысын, башын жерге тийгизди. Анан өкүм кыла айтышты: "Бу дүйнөдөн кайттың сен, ыйманыңды ырас айткын сен!" Кол башчынын бири Кайгыл келип жаткырып койгон элчинин башын көтөртүп, жанына адам сойчу желдеттен алтоону үч кырлуу канжар карматып туруп, "Кандарга саламыңды тез айта сал" деп каарданды. Бул сөздү угуп элчилер тили калды балдырап, тиктеп турду жалдырап. "Алаңдатпай көзүңдү, жыластар, жыйбайсыңбы эсиңди, не келген жансың өзүңөр, айтууга барбы сөзүңөр" дегенде, элчилер байкуштар капчыкка колун салышты, кандардын берген кагазын эптеп калдайтып сууруп алышты. Берген катын алган киши жок, дагы бир аш кайнамдай турушту. Анан кыйлада зерлүү таажы башында, сексен нөкөр кашында, алтын кемер белинде, зымпыйып басып келди бир жигит. Бул келгени Эр Сыргак баатыр өзү экен. Ал катты алып, Манаска окуп берди. Кандардын катын угуп туруп баатыр мыйыгынан күлдү, "тийишкен экен бектерим, тилекти кудай берди, көктөн тилеп жүргөнүм көрүнөө жерден келди" деп каткырды. Бу кандай неме, сүкүттөн бөлөк сөзү жок, бизди көрөйүн деген көзү жок деп элчилер Манасты карап эси кетти селейип. Булардын саламына Бакайдан башка жооп кылбады, баары эле көздөрүнүн кыйыгы менен карады. Манасы болсо коркуу ордуна каткырат эркек балалуу болгондой.
Байгеден улам кытайлар менен калмактардын чыр чыгарышы. "Манас" баянынан 7 факт
Ажыбай менен элчилердин жолугушу. Бир убакта элчилерге алтын таажы башында, алтымыш нөкөр кашында, үзүлгөнүн улаган, жыгылганын жөлөгөн, айрылганын септеген, ажыраганын эптеген, ак калпак кыргыз кыйласын акыл менен тепсеген, кой оозунан чөп албас коңур чечен Ажыбай келди. Сөзү ширин жагыштуу, өзү ширин накыштуу, акылга дыйкан табыштуу Ажыбай ачууланып элчилерге айтып кирди: "Көмүктөн ачып алгандай, көрдөн чыга калгандай, мүнөзүңөр ар кандай, ким болосуң, өзүңдү, ачпайсыңбы көзүңдү".
Манастын той бериши. Ушул кезде төөдөй болгон көк доолду төрт азаматка кактырды, катчыга кагаз жаздырды, ар тушка алтымыш адам чаптырды, баатыр өз элин тойго чакырды. Казынасын ачтырды, агар алтын, ак күмүштү көчөлөргө чачтырып, элчилерди апарып бир сарайга жаткырды. Чоң дөбөдөн эт кылып, Ноот көлдөй чык кылып, алты күнү той берди. Бул эмне той болду, канкордун катыны эркек тууган жок эле, калмактан жылкы кууган жок эле, же атасына аш бербейт, мунун аягы жакшы эмес дешти аксакалдар. Жетинчи күнү той бүтүп, элчилерге кезек келип жетти. Эр Манас алтооно алтымыш сарпай кийгизди, арстандыгын билгизди, алты бедөө мингизди, алты аргымак ат берди, баргыла эми кайткыла деп колуна жазып кат берди.
Элчилердин кандарга кабар алып келиши. Элчилер канкор Манастан кутулганга сүйүнүп, артын карабай кетип, алты элчи он үч күнү жол жүрдү, татым кыйын, туз арзан, жайы кыйын, кыш арзан, катын кыйын, кыз арзан Керме-Тоонун оюна, Кең-Котондун боюна, Эр Төштүктүн тоюна келип жетти. Көпчүлүк алардан "Манасыңар кандай экен", "Талас кандай жер экен" деп суроолорду жаадырды. Антсе элчилер "Манас деген бар экен, баашалыгы ашкан жан экен, коркуп келдик кашында кырк чоро деген шайтандан" дешип, андан ары кандардын алдына барат. Эң биринчи аш тамакка тойгон соң алтындуу селде бир кучак, аксакалдуу Музбурчак элчилерден Манастын жайын сурайт. Барган-келгенин, көргөн-билдерин төкпөй-чачпай айтышат. Берген тартууларын көрсөтүшөт. Алып келген каттарын Эгей-шыгай кандарга сунат. Окушса, Манас так кырк күндө келгиле, анчалыкта келбесеңер баарыңар талкаланасың деп, "Үрпөк баштуу туу келгин, үстүн-астын чуу келгин, үйөр аккан суу келгин, үпчүн кийген эр келгин, кара куйрук шер келгин, айдама шыңга кол келгин, азаматың мол келгин, жетөөң эмес жети кан, жетимишиң чогулуп, жеңер жериң камын кыл" деп жазган экен. Муну угуп же барамын деп айта албайт, же барбаймын деп кайта албайт. Булардын абалын көрүп Төштүк күүлөндү, кандарга карай сүйлөдү: "Атаңдын көрү, алты кан, айтарын билбей тантыган айлыңда жүрсөң – мыкты жан, бабаңдын көрү, алты кан, маалаңда жүрсөң – мыкты жан, урсун кудай барыңды, Музбурчак баштап карыңды, жайына жатса тынч койбой, жайдары Манас каныңды, оолугуп калса ол Манас оңдурарбы баарыңды!" — дейт.
Кандар дагы кеңешти. Төгүлбөй турган кан болбойт, өлбөй турган жан болбойт, өлүмдөн качкан жан оңбойт, тобокелге салалык, толкуган аскер алалык, келгин дептир кекетип, токтолбостон баралык деп конуш жеткис кол, түмөн аскер алып, түгөнгүрдүн үстүнө дүбүрөп түшүп калалы, аңдоостон чабалык, билден күчтүү канкорду бир күндө барып камайлык дешип Төштүктүн тоюн ошол замат бүтүрүштү. Бир күнү кылган убада боюнча Элемандын эр Төштүк туу көтөрдү коргонго, душманга барар кол жыйды, жүз миң түмөн кол алды, Төрө Төштүк баш болуп төрөңдү көздөй жол алды. Артыш бойлой жүрүштү. Алты түмөн кол менен астында келет Жамгырчы, экинчиси эр Төштүк, үчүнчү Эр Үрбү, Сары-Аркадан Эр Көкчө кошулду, Орчун Кокон, Маргалаң, Анжиандан Санжыбек жети түмөн кол менен Таласка барар жол менен буларды ээрчиди. Буудайыктын Музбурчак Букардан чыгып жол алды, эки жүз миң кол алды. Кылкылдаган кумурскадай кол Таласка – Манаска согушууга жөнөдү...
Жети кандын чатагы. Манас баянынан 6 факт