Иш берүүчүлөрдүн көңүлүн кантип буруу керек? Кеңештер

Маалымат платформанын сайтына жайгаштырылган иш берүүчүлөрдүн суроо-талабы жана талапкерлердин резюмелеринин негизинде даярдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Иш берүүчүнү кантип кызыктыруу керек жана бардык талапкерлердин ичинен сени тандап алууга аларды кантип ынандырса болот? Бул суроого Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүндө жумушту онлайн издөө жана жалдоо боюнча иш алып барган HeadHunter платформасы жооп берди.
Маалымат Кыргызстандагы иш берүүчүлөрдүн суроо-талабы жана талапкерлердин резюмелеринин негизинде даярдалган.

1. Тажрыйбаңыз тууралуу көбүрөөк маалымат бериңиз

Иш берүүчү менен сүйлөшүп жатканда же резюме жөнөтүүдө буга чейин кандай иш менен алек болгонуңузду, тажрыйбаңызды так, толугу менен айтып берүүнү унутпаңыз. Анткени компанияларга өз жумушун так билген кесипкөйлөр керек.

2. Өзүңүздү иш үстүндө көрсөтүүгө даяр болуңуз

Эгерде бариста болсоңуз, жумушка алардын алдында сизден кофе жасап берүүнү суранып калышы мүмкүн. Мындай учурда өзүңүздү колго алып, ишти аткарууга даяр болуңуз.

3. Иш берүүчү менен чынчыл болуңуз

Резюмеде ашыкча мактанып албаңыз, өзүңүзгө гана таандык касиеттерди жазыңыз. Болбогон тажрыйбаңызды айтып алып, ишке келгенде уят болуп калбаңыз.

4. Кесиптик окууга кызыгууңузду көрсөтүңүз

Иш берүүчүлөр кесиптик билимин тереңдетүүгө умтулган адистерди жактырышат. Бул жумуш жолун жаңы баштагандарга гана эмес, көп жылдык тажрыйбасы бар адистерге да тиешелүү.

5. Сырткы келбетиңиз жөнүндө унутпаңыз

Адам көркү — чүпүрөк. Көп учурда тыкан, таза, көрктүү кийим адамга болгон мамилеге таасир берерин унутпаңыз.

6. Адамдын жеке сапаттары да бааланары эсте болсун

Жумушка алууда биринчи кезекте адамдык сапаттар текшерилет. Сиздин квалификацияңыз, тажрыйбаңыз албетте маанилүү, бирок адегенде иш берүүчүлөр сиздин кандай адам экениңизди изилдейт.
Майыптыгы бар балдарды кадимки мектепте окутуу керек. Маек