Кайра суук түшөбү? Чүй облусундагы бир жумага карата аба ырайы

Апта соңунда абанын күндүзгү температурасы 16 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Чүй облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин божомолу боюнча, 26-февралдан 2-мартка чейин күн ачык болот. 3-мартта күндүз тоолуу райондорго кар жаайт, бирок дыйканчылык аймактарда күндүн көзү бузулбайт. 4-мартта күн ачылат.
Апта соңунда абанын күндүзгү температурасы 16 градуска чейин көтөрүлөт.
Күн ысыйбы? Март айына карата аба ырайы