8-марттан тарта мас айдоочулар камалып, 3 жылга чейин унаа айдашына тыюу салынат

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин да кайра эле ошол эрежени бузса катаал чара колдонулат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 8-мартынан тартып мас абалында рулга отурган айдоочулар бир жылдан үч жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Буга чейин Укук бузуулар кодексинин 193-беренеси менен ичимдик ичип алып унаа айдагандарга 17,5 миң сом өлчөмүндө айып салынып же коомдук жумуштарга тартылып келген. Аталган мыйзам долбоорун ЖКККББ демилгелеп, парламент былтыр 29-декабрда кабыл алган. Документке президент Садыр Жапаров кол коюп, мыйзам 12 күндөн кийин күчүнө кирери жазылган.
Жаңы эрежелер төмөкүдөй:
мас абалында рулга отургандар айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат;
айдоочулук күбөлүгү жок ичип алып унаа айдагандарга буга чейин 15 миң сом айып салынса, мындан ары үч суткага камалат;
мас айдоочу спирт ичимдигин ичкендигин аныктоочу текшерүүдөн баш тарткан учурда буга чейин 17 500 сом айып салынып келсе, мындан ары үч суткага жана айдоочулук күбөлүгү жоктор беш суткага камакка алынат. Ошондой эле ичимдик ичкени аныкталган учурда бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат;
айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, башка адамдардын ден соолугуна этиятсыздыктан залал келтирип, бирок аракетинде кылмыштын курамы жок болгон учурда айдоого укугу жок жаран жети суткага камалат, ал эми айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Буга чейин 20 миң сом айып салынган же беш суткага чейин камалган;
эгер айдоочу жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин кайрадан мас абалында рулга отурса жана жол кырсыгына кабылган учурда автоунаасын убактылуу алып коюу менен үч жылдык мөөнөткө унаа башкарууга тыюу салынат.
Бир түндө мас болуп унаа башкарган 24 айдоочу кармалды