Кыргызстандыктар тышкы карызды төлөө үчүн ачылган эсепке 31 млн. сом которгон

Соңку маалыматтар боюнча, өлкөнүн тышкы карызы 4,3 миллиард долларды түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Мамлекеттик тышкы карыздан кутулуу үчүн ачылган депозиттик эсепке 31 миллион сом топтолду. Бул тууралуу Кыргызстандын Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, № 44010011030000253 депозиттик эсеп министрликтин системасында ачылган.
"Бул эсепке жеке жана юридикалык жактардан каражат түшүп жатат. 2023-жылдын 20-февралына карата маалымат боюнча эсепке 31 миллион 532,87 сом түштү", — деп айтылат маалыматта.
Эсеп качан ачылганы такталган жок. Маалыматта эсеп өкмөттүн 2021-жылдын 4-мартындагы токтомуна ылайык ачылганы айтылган.
Анткен менен ага чейин, 2020-жылдын ноябрь айында Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен депозиттик эсеп ачылган.
Соңку маалыматтар боюнча (өткөн жылдын ноябрь айына карата), өлкөнүн тышкы карызы 4,3 миллиард долларды түзөт.
Кыргызстандын мамлекеттик ички карызы 90 млрд. сомдон ашты