Диетолог түштөнүүгө чейин ачка болбош үчүн эртең менен эмне жеш керектигин айтты

Адис май кошулган тамактар адамды ток кармай турганын белгилеген. Мындан тышкары, жаңгактар, семичке да түшкө чейин курсак ачып кетүүдөн сактайт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Россиялык диетолог Екатерина Матыскина Sputnik радиосуна түшкө чейин адам ачка болбошу үчүн эртең менен кандай тамактануу керектигин айтып берди.
Адистин айтымында, адамды ток кармоочу азыктардын ичине майлар кирет.
"Эртең менен адам уйкудан ойгонуп, сергек болушу үчүн күч-кубат керек. Буга ботко жана ошол өңдүү углеводдуу азыктар жардам берет. Бирок алар адамды ток кармабайт, тескерисинче, бат сиңимдүү. Андыктан эртең мененки тамакка жаңгак, кургатылган мөмөлөрдү, семичке же авокадонун майын кошуп алган туура. Жумуртка да түштөнүүгө чейин ачка болбоого жардам берет", – дейт Екатерина Матыскина.
Ошондой эле ал эртең мененки тамак күнүмдүк рациондун 30-35 пайызын түзүшү керектигин белгилеген.
"Нормада биз бир килограмм салмак үчүн бир граммга жакын май жесек болот. Мисалы, 60 килограмм салмактагы адам 60 грамм майды бир күндүк тамагына колдонгону туура. Бирок дарыгер майды тыюу салган адамдарга мунун тиешеси жок. Боор, өт, калкан безинде көйгөйү барлар майды азайтканы жакшы", – деген диетолог.
Эндокринолог түнкүсүн шире жана газдалган суу ичпөөгө чакырды