Бишкек — Ош жолунда ири көлөмдө көчкү түшкөн. Посттордо 500дөн ашуун унаа турат

Посттордо жылынуучу жана тамак-аш берүү жайлары уюштурулган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун Чычкан капчыгайында (231-чакырым) түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 180 миң метр кубга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ал эми жолду жаап калган бөлүгүндөгү кар 14,4 миң метр кубду түзгөн.
Жеринде жети техника, 13 куткаруучу, милиция жана медицина кызматкерлери иштеп жатат.
Жолду тазалоо иштери. Архивдик сүрөт
Жол ачыла элек. Токтогул районундагы “Арал” постунда 400дөй, “Сосновкада” 140 машина турат. Автоунаалардын бардык түрүнө өтүүгө чектөө киргизилген.
ӨКМ жана жергиликтүү бийлик тарабынан жылынуучу жана тамак-аш берүү жайлары уюштурулган.
Белгилей кетсек, бүгүн түндө Бишкек — Ош унаа жолунун 223 жана 231-чакырымдарында кар көчкү түшүп, каттам токтотулган.
Ала-Букадагы алтын кенде кар көчкү 4 адамды басып калды. Куткаруу учуру видеодо