Нарынга өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Сүрөт

Министрликтен алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок экендигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бүгүндөн тарта Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун беш тилкесине көчкү түшүп жол жабылгандыгына жана көчкү түшүү кооптуулугунан улам Нарын облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдирди.
"Нарын гидрометеорология борборунун жана көчкү боюнча адистердин сунуштарынын негизинде кооптуу участоктордо жана жолдун башка жерлеринде көчкү түшүү кооптуулугу турат. Андан улам президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен аталган дубандын аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди", — деп айтылган Нарын мамлекеттик администрациясынын маалыматында.
1 / 4

Бүгүндөн тарта Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун беш тилкесине көчкү түшүп жол жабылгандыгына жана көчкү түшүү кооптуулугунан улам Нарын облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

2 / 4

Карды тазалоо максатында Нарын шаардык №16 ӨКБдан беш куткаруучу жана бир нече атайын техника тартылган

3 / 4

Мындан сырткары, жогору аталган жолдун 265 жана 314-чакырымында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан нөөмөт уюштурулган

4 / 4

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

Карды тазалоо максатында Нарын шаардык №16 ӨКБдан беш куткаруучу жана бир нече атайын техника тартылган.
"19-февралга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт жолу 272-чакырымынан (Сары-Булак участкасы) 319-чакырымына (Бейше-Булак участкасы) чейинки аралыгы убактылуу жабылды", — деп билдирди өкүлчүлүктөн.
ӨКМ аталган жолдун 265 жана 314-чакырымында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан нөөмөт уюштурулганын кошумчалады.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.
Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолуна көчкү түштү