Нарын жетекчилиги: көчкү атып түшүрүлмөйүн жолго чыкпай коё тургула

Аба ырайы жана жолдордогу көчкү кооптуулугунан улам Нарынга өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. 16-февраль күнү кечке маал Бишкек — Нарын — Торугарт каттамынын 302-303-чакырымдарына түшкөн кар көчкүсү түнкү саат 00.30дар чамасында толугу менен тазаланып бүттү. Бул туурасында президенттин Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгүнө таянып аймактык кабарчы билдирди.
Көчкүнү тазалоо учурунда коопсуздук үчүн тез жардам нөөмөттө турган. Ысык тамак уюштурулуп, аялдар, балдар суукка калбай көчкүнүн аркы бетинен берки бетине өткөрүлүп, шаарга жөнөтүлүп турганын кошумчалашты.
1 / 5

16-февраль күнү кечке маал Бишкек — Нарын — Торугарт каттамынын 302-303-чакырымдарына түшкөн кар көчкүсү түнкү саат 00.30дар чамасында толугу менен тазаланып бүттү

2 / 5

Көчкүнү тазалоо учурунда коопсуздук үчүн тез жардам нөөмөттө турган

3 / 5

Ысык тамак уюштурулуп, аялдар, балдар суукка калбай көчкүнүн аркы бетинен берки бетине өткөрүлүп, шаарга жөнөтүлүп турганын кошумчалашты

4 / 5

Мурдараак Бишкек — Нарын — Торугарт жолу 272-чакырымынан (Сары-Булак участкасы) 319-чакырымына (Бейше-Булак участкасы) чейинки аралыгы 19-февралга чейин жабылганы кабарланган

5 / 5

Эске салсак, аба ырайы жана жолдордогу көчкү кооптуулугунан улам Нарынга өзгөчө кырдаал режими киргизилген

Мурдараак Бишкек — Нарын — Торугарт жолу 272-чакырымынан (Сары-Булак участкасы) 319-чакырымына (Бейше-Булак участкасы) чейинки аралыгы 19-февралга чейин жабылганы кабарланган.
"Көчкүнү тазалоо иштеринде Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов өзү башында туруп, жарандык коргонуунун бардык тиешелүү кызматтары ыкчам аракеттерди көрдү. Жабылган жол каттамы кооптуу аймактардагы кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүп, тазалагандан кийин ачылат. Ага чейин айдоочулардан жана жүргүнчүлөрдөн жолго чыкпай турууну өтүнөбүз", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, аба ырайы жана жолдордогу көчкү кооптуулугунан улам Нарынга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолуна көчкү түштү