Жапаров өлкөдөгү курулуш тармагын реформалоо программасын түзүүнү тапшырды

Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү каралды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын сейсмологиялык өзгөчөлүгүн эске алуу менен курулуш тармагын реформалоо боюнча долбоордун программасын түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.
Кабарда айтылгандай, бүгүн министрлер кабинетинин жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигктин ишмердүүлүгү каралды.
Кечээ министрлер кабинетинин төрагасы котлован казуу этабында акча чогултууга тыюу салына турганын, ал эми кардарлар менен компаниянын ортосунда банк гарант болушу керектигин айткан.
Ага чейин Садыр Жапаров Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты боюнча суроого жооп берип, мындан ары башаламан курулуштар курулбай турганын белгилеген.
Түркияда зилзала болгондон бери кыргызстандыктар өлкөдөгү курулуштардын сапаты жөнүндө кызуу талкуулай башташты. Депутат Дастан Бекешев курулуш компаниялары имараттын сейсмотуруктуулугун текшертүүдөн корко турганын белгилеген.
Мындан тышкары, депутат үйлөр урап түшсө эч ким жоопкерчилик албайт деп билдирген.
Депутат Кыргызстанда турак жайды милдеттүү камсыздандырууну сунуштап жатат