2018-2026-жылдары жер титирөө активдешери айтылган. Окумуштуулар эмнеден чочулоодо

Кылымдын трагедиясы аталган Түркия жана Сирия мамлекеттериндеги катуу жер титирөө жалпы коомчулукту ойлондуруп койду. Ар бир адам Кыргызстандын сейсмологиялык абалын жана турак жайларды ойлоп турган учуру.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин ректору, сейсмологиялык туруштук боюнча эл аралык ассоциациянын президенти, техника илимдеринин доктору Улугбек Бегалиев, Борбор Азиядагы Америка университетинин колдонмо геология жана экологиялык туруктуулук, климатология факультетинин деканы, физика-математика илимдеринин кандидаты Сагынбек Орунбаев жана Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Насирдин Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунун директору, физика-математика илимдеринин кандидаты Жаныбек Маматов болду. Биз Кыргызстандын сейсмологиялык абалы тууралуу сүйлөштүк.
— Түркиядагы кырсыкка байланыштуу ар кандай ойлор айтылып жатат. Имараттын сапатынан баштап жер титирөөнүн атайын жасалганына чейин талкууда. Бирок азыр бир нерсе деш да кыйын. Окумуштуу катары муну кандай баалап жатасыздар?
Сагынбек Орунбаев: — Түрк боордоштордун жер титирөөдөн кийинки жоготуулары баарыбызды кайгыга салып отурат. Негизинен жер титирөө дүйнө жүзү боюнча катталат. Силкинүүнүн толкунун жазуучу датчиктер аркылуу кырсык кайсы жерде болгону аныкталып турат. Мисалга, ушул магнитудасы 7,6 – 7,8 болгон жер титирөөнүн тереңдиги 12 чакырымга чейин жеткен. Муну жасап коюу мүмкүн эмес. Бул жаратылыш кырсыгы экени илимий түрдө аныкталган. Тектоникалык плиталардын бири-бири менен айкалышуусунун негизинде энергия пайда болот. Ошол энергия чогулуп отуруп жер титирөөгө алып келет.
Борбор Азиядагы Америка университетинин колдонмо геология жана экологиялык туруктуулук, климатология факультетинин деканы, физика-математика илимдеринин кандидаты Сагынбек Орунбаев
— Абдан көп киши каза болду. Эл Түркиядагы үйлөрдүн курулушунун сапатына нааразы, видеодон ылдый чөккөнсүп урап жатат. Негизи астыңкы кабаттагылардын жашап кетүү мүмкүнчүлүгү жогору дейбиз, бирок мындагы үйлөрдүн кулашын көрүп тескери ой туулат...
Улугбек Бегалиев: — Жараканы тектоникалык жана активдүү деп адистер экиге бөлүшөт. Түркияда катастрофалык (7,5 магнитудан жогору) жер титирөө болду. Үч күндүн ичинде ошондой күчтүү жер титирөөдөн эле үчөө болду. Ал эми майда жер титирөөлөр 60тан ашты. Магнитуданы балл менен адаштырып алгандар да болууда (магнитуда баллдан азыраак болот — У.Б.). Ал эми видеодогу үйлөрдүн кулашы тууралуу айтсак, каркас үйлөр ушинтип урайт. Башкача айтканда, биринчи кабатында дубал жок. Алгачкы жер титирөөдө бошоп араң турган имарат кийинкисинде толук кулады. Ошол себептен "каркас үйлөрдү курбагыла, ага уруксат бербегиле" деп көп айтабыз.
Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин ректору, сейсмологиялык туруштук боюнча эл аралык ассоциациянын президенти, техника илимдеринин доктору Улугбек Бегалиев
— Бишкектин имараттарына кандай баа бересиздер? "Кыргызстанда жер титирөө болсо, Бишкектен Фрунзе эле калат" дегендер да болууда. Башкача айтканда, СССР кезиндеги курулушка эле ишеним бар экен...
У. Б.: — Монолиттик дубал менен салынган үйлөр жер титирөөгө туруктуу келет. 30 жыл мурда, Советтер Союзу кезинде илим изилдөө институтунда иштелип чыккан бир конструктивдүү система толук иликтенип, ага эксперимент жасалчу. Жер титирөөнүн 7, 8, 9 баллына туруштук берүүчү арматуралар кандай болушу керектиги боюнча типтүү долбоор институттарга берилип, алар конвейрдик процессте этабы менен текшерип, "аа, бул жети баллга туура келет экен, бул сегиз баллга" деп бир аз өзгөртүп туруп анан курулушка берчү. Азыр сейсмологиялык туруктуулуктун көйгөйү комплекстүү каралбай жатат. Ушул жагынан алганда ал пикирге кошулам.
Жаныбек Маматов: — Мен да кошулам. Союз мезгилинде ар бир республиканын шартына жараша долбоорлор жасалчу. Алар этабы менен текшерилчү. Эгемендик алгандан бери андай эксперименталдык иштер жасала элек. Биз илимий иштерибизге байланыштуу топурактан жасалган үйлөрдү гана текшерүүдөн өткөрүп үлгүрдүк. Азырынча көп кабаттуу үйлөрдүн абалын эч ким иликтеп, жаза элек.
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Насирдин Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунун директору, физика-математика илимдеринин кандидаты Жаныбек Маматов
— Учурда аз да болсо социалдык мекемелер, бала бакчалар курулуп жатпайбы. Алардын зилзалага туруктуулугу кандай?
Ж. М.: — Булар көп кабаттуу эмес болгондуктан көзөмөлү күчтүүрөөк. Бирок кээ бир жерлерде кемчиликтер бар. 2019-2020-жылдары Дүйнөлүк банктын тапшырмасы менен Кыргызстандагы болгон мектептерди, бала бакчаларды бир сыйра карап чыгып өзүбүздүн баабызды бергенбиз. Бүгүнкү курулуштар боюнча көзөмөлдү күчтөндүрүү керек. Коңшу Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүндө көп кабаттуу үйлөрдү эксперименталдык түрдө сынактан өткөрүшөт. Бизде да жок дегенде бир типтүү үйдүн долбоорун этабы менен текшерип, эксперименттен өткөрүп коюу керек. Мында жер кыртышы да эске алынат. Мамлекет ушул жагын колго албай жатат.
У.Б.: — Сейсмотуруктуулук боюнча институтта жана биздин ассоциацияда үч түрдүү текшерүүчү үч машина бар. Анын жардамы менен канча кабат үй болсо да титиретип туруп эксперимент жүргүзө алабыз.
Буга чейин деле эки кабаттуу монолиттик үйлөрдү текшерип көргөнбүз. Эми муну күчөтүү керек. Ал үчүн айрым мыйзам пунктуларына өзгөртүү киргизүү зарыл.
Бишкектин Тунгуч кичи районундагы жаңы мектеп
— Мисалы, кайсы мыйзамдарга алымча-кошумча киргизүү керек?
У.Б.: — Курулуш нормаларында жаңы конструктивдүү системалар кире турган болсо аны эксперименталдык изилдөөдөн өткөрүү каралган. Азыр үйлөрдү эксплуатацияга берүү боюнча жобо бар, анда эксперименталдык сынак каралган эмес. Азыр 12-16 кабат имараттар курулуп жатат. Бирок баарына бирдей эксперименттен өткөн, уруксат берилген текшерүү системасы болушу керек да. Биздеги 9 кабаттан бийик үйлөр эксперименттен өткөн эмес, кооптуулугу күчтүүрөөк. Ар бир имараттын коопсуздугун далилдөө үчүн инженердик изилдөө кажет. Имараттын кандай жерде жайгашканын, бетондун сапаты, жаракасы бар-жогу текшерилет. Көпчүлүк учурда долбоорду куруу аянтына келгенде өзгөртүп жиберишет. Ушунун баарын көзөмөлгө алмайынча, эч ким үйдүн жер титирөөгө туруктуулугуна кепилдик бере албайт.
С.О.: — Кыргызстан сейсмологиялык жактан кооптуу өлкө болгондуктан бир типтеги үйлөрдү көбөйтүү керек же анын шаарчасын куруу керек.
— Имарат курарда компаниялар жерди көбүрөөк батир куруунун амалын гана көздөп тандашат. Жер кыртышы да каралышы керекпи?
С.О.: — Жер кыртышы Бишкектин ичинде 8 баллдык, 9 баллдык жана андан жогору баллдык деп үч зонага бөлүнөт. Курулуш компаниялардын көпчүлүгү 8 баллдык зонадан аянт издешет. Себеби ал жердеги талап 9га караганда төмөнүрөөк. Бирок ар бир зонанын кыймылынын өздүк жыштыгы бар. Мисалы, жер кыртышынын толкунунун жыштыгы имараттыкы менен дал келсе ал жерде резонанс болот. Чоң кыйроого учурайт. Жер титирөө учурунда үйлөр анын баллдык күчүнөн мурда резонанска кабылып кыйрап калышы мүмкүн. Демек, биз бул тарапты да эске алышыбыз керек.
У.Б.: — Жер титирөөнүн тарашына жараша жердин жогорку ылдамдыгы (пик ускорение грунтов) азая баштайт. Ошондуктан инженердик-геологиялык изилдөөдө инженерлер грунттун тибин аныкташы зарыл. Жараканын алыс-жакынына жараша ар бир үйгө ылдамдык коэффициенти берилет.
Ж.М.: — Азыр жеңил металл конструкцияларынан салынган үйлөргө (үч кабатка чейин аз кабаттуу — ред.) эксперименталдык изилдөөлөр жүргүзүлүп, Karkas.kg гана сынактан өттү. Учурда ар ким сырттан ар кайсы долбоорду, материалдарды алып келип ар кандай үйлөрдү салып жатат. Буларды текшерген киши жок. Эгемендик алгандан баштап көзөмөл бир аз начарлап, курулушка көп көңүл бурулбай калды. Мамлекет булардын кайсы жерден сертификат алып жатканын да карасын.
У.Б: — Чет мамлекеттен көргөнүн алып келе берүүгө болбойт. Бизде сейсмологиялык абал башка. Салган үйлөр сейсмикалык коопсуздук нормаларына жооп бериши керек. Арматуралар да жер кыртышына жараша пайдаланылат. Анын баарын текшерүүгө тийиштүү органдар жетишпейт, аларды да кыскартып салганбыз.
Бишкекте көп кабаттуу үйдүн курулушу
— Жөнөкөй жарандарга айта кетсеңиздер, үй курууда кандай материалдарды, кандай негизги эрежелерди колдонуу керек?
Ж.М.: — Жергиликтүү материалдар менен биз аябай көп иштегенбиз. Кыргызстандын 65 пайызы айыл жеринде жашайт жана жер тамдарды салат. Көпчүлүгү ылай топурактан курулган үйлөр. Буларды эч ким көзөмөлдөбөйт. Ал ар бир жарандын өз жоопкерчилиги. Жергиликтүү материалдар менен салынган үйлөрдүн ичинен жакшыраагы сынч үй. Темир бетондуу үйлөр да эң жакшы. Бирок ал айыл жерине бир аз кымбат түшүп калат. Жер тамдар акчанын жоктугунан эмес, билимсиздиктен туура эмес курулууда. Кирпичтин өзүнөн эле салып коюуга болбойт. Жер титирөө болгондо баары чачырап кетет.
С.О.: — Азыр Япония да бир-эки кабат үйгө жыгачтан жасалган, биздеги сынч үйгө окшош технологияны сунуштап жатышат. Сынч үй экологиялык жактан да таза.
— Борбор калаадагы Ысык-Ата жаракасы да азыр көп талкууланып жатат...
С.О.: — 2008-жылы Борбордук Азиядагы Жер изилдөө институтунун алдында немец өнөктөштөр менен чогуу Бишкекте сейсмикалык кичи район куруу долбоорун жасаганбыз. Анда зоналарды 7, 8, 9 баллдык деп бөлүп, жыштыктарга көңүл бурдук. Азыр грунттардын категориясынын жыштыгын аппарат аркылуу эле жердин үстүнөн аныктап коюуга болот. Муну менен Бишкектин кайсы зонасында канча кабатка чейин үй куруу кооптуу экени билинет. Ушундай маалыматтарды Мамкурулуш колдоно билсе жакшы болот эле. Ысык-Ата жаракасы Бишкектин түштүк жагында жайгашкан жана үч чакырымга чейин эч үйлөр курулган эмес. 12-кичи районуна да сынактан өткөн гана үйлөр салынган. Ары жагына эч кандай уруксат берилбеген. Бирок азыр жаракага чейинки курулуштар 300 метрге чейин кыскартылды. Мында курулуш нормаларын кароо керек. Ысык-Ата жаракасы Бишкек тарапка эмес, түштүк тарапка кеткен.
У.Б.: — Ошол курулуш нормаларынын авторлорунун бири катары айтсам, жаракадан улам да жер титирейт. 1950-жылдары эле Ысык-Ата жаракасынан чоң жер титирөө болот деген божомолдорду айтып жүрүшкөн. Себеби 1885-жылы Беловодск жер титирөөсү, кийин Кемин, Суусамыр зилзаласы катталган. Анан эле сейсмологдор жаңы изилдөө жасап, "Ысык-Ата жаракасында жер титирөө болбойт" деп отчёт беришип, таасир зонасын кыскартышат. Куруучулар каршы болсок угушпады. Айла жок 4-зона деп атайын киргизип, "ошол жерге аз кабаттуу үй курууга болот" деп коркуп жатып курулуштун нормасын бекиткенбиз. Андан кийинки зоналарда улам кабаты ылдыйлады. Азыркыга чейин бул маселе талаш-тартыш менен келе жатат.
— 8-9 баллга туруштук берүүчү зоналар деп жатасыздар. Бишкектин кайсы бөлүгү 8 баллга, кайсынысы 9 баллга чыдайт?
У.Б.: — Жердин жаракасы болгону үчүн ал жерде 9 жана андан жогорку балл болот. Андан ылдыйыраак 1,5 миң метрден кийин 8 балл башталат. Бул Жибек Жолуна чейинки аралык. Жибек Жолунан кийин кайра 9дан жогору башталат. Себеби мында топурактын суулуу болгондугу, жердин рельефи каралат. Түздүк жер менен тоолуу аймактагы жараканын айырмасы бар.
Дрон бийиктигинен чыгыш Бишкек
— Кыргызстан жер титирөө жаатында канчалык кооптуу өлкө?
С.О.: — Сейсмологиялык мониторинг боюнча Кыргызстанда жылына 8000ден ашык жер титирөө болот. Эгер катуу жер титирөө болуп калса, афтершоктор менен кошулуп 12-13 миңге жетет. Анын 95 пайызы сезилбей өтүп кетет. Ал эми беш пайызы 3, 4, 5 баллдык жер титирөөлөр. Алайда, Чоң-Алай райондорунда көп катталат. Себеби бул зонаны "Памир Алай кыртышы" деп коёт. Индия плитасынын Евразия плитасына келип тогошкон жери. Жердин үстүндөгү ченем боюнча жылына 12-15 миллиметрге чейин түштүктөн түндүккө карай жылып турат. Азыр өсүп жаткан Тянь-Шань тоолорундагы казак плитасы жылбайт, бирок бул жер да сейсмологиялык кооптуу аймак.
— Ири жер титирөөлөрдү алдын алып аныктоого болобу? Негизи канча убакта бир кайталанып турат?
С.О.: — 100 жылдан 500 жылга чейинки убакта жер титирөө кайталанышы мүмкүн. Биздеги чоң жер титирөөлөр 500 жылда бир кайталанары болжолдонгон.
Ж.М.: — Биз азыр баарыбыз сейсмологиялык кооптуу райондо жашайбыз. Ошол себептен үйлөрдү да ошого жараша салып, Япониядагыдай белги берүүчү сигналдарды коюп, жарандарды да даярдоо керек. Жер шары боюнча 2018-жылдан 2026-жылга чейин күчтүү жер титирөө болорун илимпоздор божомолдошкон. Азыр ошол маалда жашап турабыз. Индия плитасы Евразия плитасына тогошуп келе жатат.
Радио
Жер титирегенде адам эмне кылышы керек. ӨКМдин түшүндүрмөсү
Кыргызстандагы ири шаарлардын баарында жер жаракасы бар. Сейсмологдун маеги