Россельхознадзор Кыргызстан форелинин сертификациясын токтотууну өтүндү. Себеби

Кыргызстандын форелин кайрадан сатып алуу маселеси Россельхознадзордун адистери жеринде балык өндүрүүчүлөрдү текшерүүдөн өткөргөндөн кийин гана каралат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Россельхознадзор Кыргызстандын ветеринардык кызматына Россияга жөнөтүлгөн форель жана форель икрасынын сертификациясын токтотууну өтүнүп кайрылды.
"Россельхознадзор эки жылдан бери Кыргызстандан Россияга жөнөтүлгөн форель жана форель икрасында тыюу салынган жана зыяндуу заттардын нормадан ашып кетип жатканын аныктап келет", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, аталган кызматтын адистери Кыргызстандан барган бул балыктын көлөмү кадимки форелден чоңураак экенин аныкташкан. Мекеме ушунун өзү эле күмөн саноого негиз болорун белгиледи.
Мындан улам Россельхознадзор 2023-жылдын январында балык чарбачылыгы менен алектенген 9 компанияны текшерүүнү демилгелеген.
"Кыргызстандын ветеринардык кызматынан эч кандай жооп болбогондуктан жана аталган товарды жөнөтүү уланып жаткандыктан Россельхознадзор чет элдик кесиптештерге 2023-жылдын 16-февралынан тарта кыргызстандык ишканалардын Россияга багытталган форель жана форель икрасын сертификациялоону токтотуу өтүнүчү менен кайрылды", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын форелин кайрадан сатып алуу маселеси Россельхознадзордун адистери жеринде балык өндүрүүчүлөрдү текшерүүдөн өткөргөндөн кийин гана каралат.
Россельхознадзор кыргызстандык компанияларды текшерүүгө жардам берүүсүн суранып Евразиялык экономикалык комиссияга кайрылган.
Эскерте кетсек, Кыргызстан форель сатуудан жылына 900 миллион долларга чейин киреше таба алары айтылган. Бул тууралуу Экономика министрлиги тарабынан даярдалган 2023-2026-жылдарга карата улуттук экспорттук программада (азырынча министрлер кабинети беките элек) жазылган.
Кыргызстан Россияга саткан 10 негизги товар. Тизме