Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолуна көчкү түштү

Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там (Кытай менен бириктирүүчү эки жолдун бири) жолуна көчкү түшүп, жолдор убактылуу жабылды. Бул туурасында Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жалпысынан көлөмү 7 000 куб метр кар түшкөн.
Маалымат кызматы ал жерде аталган министрликтин жумушчулары атайын техника менен карды түрттүрүү, жолду тазалоо иштерин жасап жатканын билдирди.
Күн ысыйбы? Март айына карата аба ырайы