34 жыл мурда... Афганистандагы он жылга чукул созулган алааматтын аякташы

Sputnik
Афганистандагы он жылга созулган согуш аймагынан советтик жоокерлердин чыгарылып кеткендигине 34 жыл толду. Тарыхый бул окуя 1989-жылдын 15-февралында болгон эле.
Афганистан менен Тажикстанды байланыштырып турган Пяндж дарыясындагы көпүрөдөн акыркы болуп генерал-лейтенант Борис Громов өткөн.
Чындыгында Афганистанда туткунга түшкөн аскер кызматкерлери жана аталган аймактан чыгып келе жаткан жоокерлерди 15-февралдын экинчи жарымына чейин коргоп, саксактап кайтарып турган чек ара бөлүктөрү калган. СССРдин КГБсынын чек ара аскерлери Афганистандын аймагында туруп, советтик-афгандык кээ бир бөлүктөр менен чек араны коргоо милдетин 1989-жылдын апрелине чейин аткарган.
СССРдин афган согушундагы жоготкон жоокерлеринин расмий айтылган саны — 15 051 адам. Он жылга чукул созулган согушта интернационалист жоокерлердин арасында жети миң кыргызстандык да болгон. 300гө жакын аскер баатырларча курман болсо, 1 500 аскер жаракат алган. Ал эми төрт жоокердин дайыны чыкпай калган.
Учкуч-снайпер Имангазиев: энемдин дубасы менен Афганистандан аман кайттым