КР менен Венгриянын президенттери стратегиялык өнөктөштүк декларациясына кол коюшту

Эске салсак, венгер тараптын чакыруусу менен Садыр Жапаров Венгрияга расмий сапар менен барды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Венгриянын президенти Каталин Новак эки өлкөнүн ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, венгер тараптын чакыруусу менен Садыр Жапаров Венгрияга расмий сапар менен барды.
Жолугушууда президенттер, Кыргызстан менен Венгриянын делегацияларынын башчылары эки тараптуу кызматташтык алкагында кыргыз-венгер мамилелерин талкуулашты.
Алар Кыргызстан менен Венгриянын президенттери саясий кызматташтыктын деңгээлине баа берип, соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо үчүн потенциал бар экенин айтышты.
Садыр Жапаров венгриялык кесиптешин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Садыр Жапаров Венгриянын президенти Каталин Новак менен жолукту