10-февралга карата аба ырайы

10-февралда өлкөнүн көпчүлүк райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жума күнү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -1…-6, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Нарын чөлкөмүндө -3…-8 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -3…-5, Ош шаарында +2…+4 градус болот.
Көөкөрдүн сыры. Жасалышы, колдонулушу боюнча инфографика