Sputnik, Вадим Павлов
5-февралдан тарта Европа биримдиги жана "Чоң жетиликтин" (европалык блоктун мүчөлөрүнөн тышкары бул топко Америка Кошмо Штаттары, Канада, Япония жана Улуу Британия) Россиядан мунай өндүрүмдөрүн алууга эмбарго коюу чечими күчүнө кирди.
Ошону менен бирге эле жекшембиден тарта үчүнчү өлкөлөр үчүн мунай өндүрүмдөрүнүн баасына ЕБ, "Чоң жетилик" жана Австралия тарабынан бекитилген чектөө да иштей баштады. Мындан ары күйүүчү майдын дүйнөлүк рыногунда өкүм сүрө турган жаңы шарттар, ошондой эле Батыштын чектөөлөрүнүн Россияга да, Европа биримдигине мүчө мамлекеттерге да кандай кесепетин тийгизери жөнүндө Sputnik бир катар эксперттердин пикирлерине кулак төшөгөн.
Тыюу салынганы менен эмбарго толук иштелип чыккан эмес
Мунай өндүрүмдөрүнө салынган эмбарго деле эки ай мурун Россиядан мунай сатып алууга тыюу салуу механизминдей эле иштей турганын РФтеги Улуттук энергетика институтунун башкы директорунун орун басары Александр Фролов белгилейт.
Россиялык "кара алтынга" чектөөлөр жөнүндө бул жерден кенен окусаңыз болот.
Европа биримдигине мүчө өлкөлөр Россиядан мунай өндүрүмдөрүн сатып ала алышпайт. Анткен менен мунай эмбаргосунун жагдайындай эле мында да бир нече өзгөчөлүктөр каралган. Айталы, мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна Болгария 2024-жылдын соңуна дейре Россиядан мунай өндүрүмдөрүн, ал эми Хорватия быйылкы жыл аяктаганча РФтен вакуумдук газойлду сатып алышына уруксат бар.
"Мунай өндүрүмдөрү негизинен деңиз аркылуу ташылгандыктан, мында санкциялардын ушул түрүнө тиешелүү учурду да белгилеп кеткенибиз оң, – дейт Александр Фролов. – Россиялык мунай өндүрүмдөрүн сатып алууга эмбарго менен катар европалык компанияларга аларды деңиз аркылуу ташууга да тыюу салынат. Ошондой эле бул маселеге кандайдыр тиешеси бар европалык ишканалар үчүн деңиз транспортировкасын камсыздоого катышууга да тыюу бар. Маселен, алар мындан ары россиялык мунай өндүрүмдөрүн ташуучу кемелерди камсыздандырып, каржылап же тейлей албай калышат".
Эксперттин айтымында, ушул санкциянын үчүнчү өлкөлөргө карата колдонуу жаатында белгилүү бир бөтөнчөлүктөр бар.
"Эгер үчүнчү өлкөдө россиялык мунай өндүрүмдөрү кошумча иштетилсе, анда алар россиялык деп саналбай калат, – дейт Александр Фролов. – Регламент дагы өзгөрүшү мүмкүн, бирок азыркысына ылайык мунай өндүрүмдүн кайсынысы болбосун, каалаган процедурадан өткөргөн соң ал россиялык продукт катары саналбайт". Мындай көрүнүш ыгын табууга кыйла кеңири мейкиндик ачып берет.
"Маселен, товардык дизелди вакуумдук, атмосфералык ажыратуу (кызытуу жолу менен) же дистилляциялоо да жарай берет. Бирок кайра иштетүүнүн мындай түрүнүн натыйжасында ошол эле мунай өндүрүмүн эч кандай өзгөртүүсүз аласыз", - дейт эксперт.
Алдын ала регламенттин мындай чийкилиги жоюларын боолголойт эксперт. Антпесе бир эбин таап алууга абдан кеңири жол ачылары ажеп эмес. "Ал түгүл өтө кең мейкиндик деп айтар элем", – деп билдирет Александр Фролов.
Кезектеги чек
Европа биримдиги, Улуу Британия, АКШ, Канада, Япония жана Австралия Россиядан алынган мунай өндүрүмдөрүнүн баасын чектөө боюнча макулдашкан. Дизелдик күйүүчү май жана мазут өңдүү артыкчылык берилген мунай өндүрүмдөрү баррелине 100 доллар, ал эми арзандатылып сатылган түрлөрү баррелине 45 доллардан белгиленген.
Европа биримдиги, иш жүзүндө өзү койгон эмбарго менен россиялык мунай өндүрүмдөрүн сатып алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Ал эми жамааттык Батыш бааны чектөө аркылуу үчүнчү өлкөлөргө экспорттоодон Россиянын кирешесин чектөөнү көздөп турат.
"Эгер Батыш тарабынан коюлган чектен кымбат болсо, анда ал жактагы мунай ташуучуларына россиялык мунай өндүрүмдөрүн ташууга жана аны камсыздандырууга тыюу салынат", – дейт РФтеги Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун улук эксперти Игорь Юшков. – Демек, россиялык мунай өндүрүмдөрүн жүктөөдө танкердин ээси алардын наркы туурасында тастыктама алууга тийиш. Эгер баа ал чектен жогору болсо, анда Европа биримдиги жана G7 ташууга тыюу салынат. Санкцияга ылайык эки ай бою эч ким менен кызматташа албайт, ушундай чара каралган".
Маңызында ошол кеме тура берерин айтат эксперт. Ошондуктан бул санкция дал россиялык мунай өндүрүмдөрүн ташуу баскычына таасир этет.
Александр Фроловдун баамында, россиялык мунай жана мунай өндүрүмдөрүнүн баасын чектөө системасы маңызында деңиз аркылуу ташуунун экотутумуна мыйзамдуу уруксат берет.
"Эгер Россия өзүнүн мунай өндүрүмдөрүн ошол чектин алкагында сатууга көнө турган болсо, анда россиялык компаниялар деңиз аркылуу ташуунун ошол эле, айталы, камсыздандыруу, каржылоо, брокердик кызматтарынан мындан ары да пайдалана алышат", – деп түшүндүрөт эксперт. Ал коюлган чек эмес, ташууга кеткен чыгымдардын көтөрүлүшүнөн улам россиялык мунай өндүрүмдөрү арзандашы ыктымал деп боолголойт.
Баанын чеги, аны киргизүү себептери жана күтүлгөн тобокелдиктер туурасында бул жерден кеңири маалымат табасыз.
Таңсыктык, өндүрүштүн кыскарышы жана ушул өңдүү болжолдуу кесепеттер
Европа Россия үчүн мунай өндүрүмдөрүн сатуунун маанилүү рыногу болгонун белгилейт РФтеги Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун дагы бир улук эксперти Станислав Митрахович. Кезегинде аталган континентке суткасына мунайдын ар кандай өндүрүмдөрүнүн 0,8-1 млн. баррели жөнөтүлчү. Анын жарымынан көбүн дизелдик май түзөр эле.
"Бир жагынан кайра камсыздоо менен алектенүүгө, экинчи тарабынан балким мунай казууну жарым-жартылай азайтууга туура келет. Себеби мурдагы сырткы рыноктордо сатылып келген мунай өндүрүмдөрүнүн көлөмүн азыр өткөрүү кыйын болот", — деп эсептей эксперт.
Анын айтымында, мунай өндүрүмдөрүн чийки мунайга караганда рынокко жайгаштыруу татаал, анткени импорттоочу мамлекеттер адатта өздөрү мунайды кайра иштетүүчү кубаттуулукка ээлик кылат. Ошондой эле өз заводдорунда кайра иштетүү үчүн дал чийки мунайды сатып алууга кызыкдар.
"Ушул өңүттөн алып караганда Россияга өзүнүн мунай өндүрүмдөрүн сатуу кыйындайт, бирок ошол эле учурда мындай да мүмкүнчүлүктөр жок эмес. Түркия, Марокко жана башка өлкөлөргө россиялык мунай өндүрүмдөрүн экспорттоонун көлөмү өскөнү жөнүндө маалымат бар", — деп билдирет эксперт.
Мурунку жылдары Россия мунай өндүрүмдөрүнүн 65 пайызга чейинки көлөмүн Европага жөнөткөнүн белгилеген Александр Фроловдун айтымында, аталган чөлкөмгө тыюу салынгандыктан, РФ "кара алтын" өндүрүмдөрүнүн жарымынан көбүн бөлөк өлкөлөргө жибериши керек.
"Эмбаргонун айынан Россияда мунай өндүрүмдөрүнүн өндүрүш көлөмү кыскарып, балким мунай казуу да азайышы ыктымал, — дейт эксперт. – Ошентсе да өндүрүш көлөмүн кыскартуу логистикалык чынжырчанын түзүлүшүнө таянат. Эгер логистика тийиштүү түрдө кайра түзүлсө, танкердик кубаттуулук жетиштүү болсо, анда чоң өзгөрүү деле күтүлбөйт. Ал эми логистиканы кайра уюштуруу бир ай, бир же эки жылдан ашып кетсе, анда жакынкы бир-эки жылда мунайды кайра иштетүүнүн азайышына күбө болобуз. Ар кыл өндүрүм жагдайы ар кандай болушу мүмкүн". Эгер Россияда мунай өндүрүү төмөндөтүлсө, бул 5-7 пайыздык деңгээлде болушу мүмкүн деп жоромолдойт Станислав Митрахович.
Мунай өндүрүмдөрүн ташуу үчүн Россияга керектелчү танкерлердин саны азая түшөт. Эмбарго жана бааны чектөөнүн негизги кесепеттеринин бири катары Игорь Юшков ушул маселени атайт.
"Россиялык мунайга карата чектөөлөр күчүнө кирген 5-декабрдан кийин да дал ушундай эле көрүнүшкө күбө болдук. Эл аралык компаниялар көбүнесе россиялык мунай маселесине аралашуудан, аны ташуудан чочулашты. Анткени формалдуу түрдө бир эрежелер жазылган. Кеменин кожоюну мунайдын ээсинен баасы коюлган тастыктаманы талап кылууга тийиш. Эгер ал Батыш тарабынан коюлган чектен ашпаса, аны ташууга болот.
Бирок ошол тастыктама эмне деген кагаз, аны кимге, кайсы санкциялык органга берүү абзел, бул жагы дегеле түшүнүксүз. Анан да мунай өндүрүмдөрүнүн ээси жасалма документ берип койсо, кандай чара көрүлөрү, аны ташыган кеменин кожоюнуна айып пул салынып-салынбай турганы да так эмес. Ушундай белгисиздик кеме ээси болгон эл аралык компанияларды Россиядан алынган мунайды уулуу деп кабылдашына кептеди. Мунай өндүрүмдөрүнүн да тагдыры ушундай эле, менимче, ал ишканалар бир нече ай бул иштен четтеп, жөн гана көз салышат", — дейт ал.
Игорь Юшковдун баамында, дүйнөлүк флотто кара алтындын өзүнө караганда анын өндүрүмдөрүн ташуучу танкерлер алда канча аз. Демек, Россияга дагы аз бөлүнүшү мүмкүн. Ошонун айынан РФ мунай өндүрүмдөрүн экспорттоо үчүн флот мурдагыга караганда узагыраак уюштурулат.
"Ошол себептен жакынкы айларда Россиядан мунай өндүрүмдөрү азыраак экспорттолору да ажеп эмес. Бирок ошол эле учурда кайра иштетүү гана азайтылып, ал эми чийки мунай көбүрөөк экспорттолот. Демек, кен казуу эмес, кайра иштетүү көлөмү төмөндөйт", — деген ойдо Игорь Юшков. Эксперттин божомолунда, өткөөл мезгил жарым жылга дейре созулат. Анткени Россия өз өндүрүмдөрүн азиялык жана башка альтернативдик рынокторго экспорттоо үчүн жетиштүү танкер тапканча, өз өндүрүмдөрүн жайгаштырганча, келишим түзгөнчө ошончо убакыт өтөт.
"Ошол маалда россиялык мунайга жана анын өндүрүмдөрүнө арзандатуулар сакталат. Биринчи жарым жылдык өзгөртүү жаатында бир топ чыңалуу менен коштолуп, кыйла динамикалуу болот", — деп жоромолдойт Игорь Юшков.
"Мунай-газ секторунун көз карандысыз аналитикалык агенттигинин" башкы директору Тамара Сафонова декабрдын башында баанын чектелишинен кийин Европа биримдигинен достук алакадагы өлкөлөргө мунай экспортун диверсификациялоо майнаптуу өткөнүн айтат.
"Россиялык мунай өндүрүмдөрүнө дүйнөлүк рынокто талап бар. Европага Индия, Кытай, Кувейттен мунай өндүрүмдөрүн сатып алууга өтүү экспортчу өлкөлөр тарабынан ички рыноктун керектөөсүн толуктоо үчүн россиялык өндүрүмдөрдү сатып алуусуна түртөт, — дейт эксперт. – Ошол эле учурда Россия мунай экспортунун агымын чектеп койсо, дүйнөдө мунайды кайра иштетүү өндүрүшү азая түшөт. Андайда ири мунай экспорттоочу өлкөлөр россиялык мунай өндүрүмдөрүн сатып алууга кызыгат".
Игорь Юшков Батыш мамлекеттери үчүн чектөөлөрдүн кесепети катуу эле болот, анткени Европада мунай өндүрүмдөрүнүн таңсыктыгы жаралып, ага жараша наркы да артарын боолголойт. Ал эми Александр Фроловдун көз карашында, Россия Европа биримдигинин дизелдик майга болгон суроо-талабынын 10 пайызын камсыздайт, ошондуктан РФтен алып келген өндүрүмдү толукташы кыйынга турат.
"Дагы бир кесепети бар, европалык мунайды кайра иштетүү тармагы аутсорсингге өтөт окшоп калды, — деп белгилейт Игорь Юшков. – Мунай өндүрүмдөрүнүн көбү азиялык мамлекеттерде өндүрүлүп, чөлкөмдүн рыногуна ошол жактан даяр өндүрүмдөр ташылышы мүмкүн. Ал эми жергиликтүү мунай иштетүүчү заводдордун иши толбой калат. Анан, албетте, Европа үчүн мунай өндүрүмдөрү дагы кымбаттайт".
Россия жоготууларын канткенде азайта алат?
Станислав Митраховичтин баамында, Европа өзүнүн санкцияларынын аткарылышын көрүп туруп көрмөксөн болот. Кеминде эле жакынкы айларда, өткөөл маал өтүп кеткенче, мунай өндүрүмдөрүнүн ордун толуктоодо Европага биримдиги кыйла эле түйшөлөт.
"ЕБ кандайдыр алмаштыруу операцияларына, мисалы, россиялык дизель кайсы бир мамлекетке жетип, катталган порту өзгөртүлүп, Европага экспорттолушуна деле көз жумуп коюшу мүмкүн. Же деңиздин кай бир жеринде алмаштырылып, мисалы, россиялык дизель кимдир бирөөгө берилип, формалдуу түрдө россиялык аты өчүп, кандайдыр бир жол менен Европага жетет. Ошондой эле бөлөк өлкөлөрдөн реалдуу реэкспорт жүрөт", — дейт Станислав Митрахович.
Россия мурда Европага жөнөтүп келген мунай өндүрүмдөрүн Азия-Тынч океан, Жакынкы Чыгыш жана Африка (айрыкча анын түндүгү) рынокторуна багыттай турганын боолголойт Александр Фролов.
"Демек, РФ европалык рыноктордон көз карандылыгын азайтуу менен соңку жылдары ансыз деле жайгашып келе жаткан рыноктордогу ордун дагы кеңейте алмак, — дейт ал. – Эгер белгилүү бир мунай өндүрүмүн, мисалы, модификацияланган битумдарды Латын Америкасына чейин жеткире алабыз. Булар – РФтен оголе ыраак рыноктордон да өз сатып алуучуларын таба ала турган жогорку маржиналдык мунай өндүрүмдөрү".
Россиялык мунай өндүрүмдөрүн алмашуу операцияларына катышкан жакынкы чет өлкөлөр көбүрөөк импорттой алышат. Маселен, РФ дизель майын Казакстанга экспорттоп, ал эми бул мамлекет ички рыногунан өзүнүн ушул өндүрүмүн алып Европа биримдигине жөнөтөт.
Сатуу рыногун кайра түзүүнүн мындай келечегине Игорь Юшков да кошулат. Анын айтымында, Россия өз өндүрүмдөрүн азиялык, жакынкы чыгыш жана африкалык өлкөлөргө жөнөтө алат. Алар ички рынокко багытталып, ал эми россиялык мунайдан өндүргөндөрүнүн баарын тышкы рынокко чыгарат.
"Анткени аталган мамлекеттер Россиядан мунай жана анын өндүрүмдөрүн арзандатуу менен сатып алып, өз мунай өндүрүмдөрүн дүйнөлүк баада сатат. Мындай жол менен алар пайда көрөт. Мындай натыйжа болору да ажеп эмес", — деп корутундулайт эксперт.