Чоң-Алайда аңчылык кылып жүргөн мергенчи кар көчкүнүн алдында калды. Сүрөт

Жаран беш мергенчи менен карышкыр атуу үчүн тоого чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районунда аңчылыкка чыккан мергенчи кар көчкүнүн алдында калды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Ош облусунун Чоң-Алай районунда аңчылыкка чыккан мергенчи кар көчкүнүн алдында калды

2 / 3

Билдирүүгө караганда, 6-февралга караган түнү саат 00:30дар чамасында Чоң-Алай РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 27 жаштагы Ж.А. аттуу жаран үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган

3 / 3

Издөө иштерине 22 милиционер, ӨКМдин жана жергиликтүү тургундардан 50гө жакын адам тартылган.

Билдирүүгө караганда, 6-февралга караган түнү саат 00:30дар чамасында Чоң-Алай РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 27 жаштагы Ж.А. аттуу жаран үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган.
"Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө ал 5-февраль күнү саат 10:30дар чамасында өзүнүн куралын алып, айылындагы беш мергенчи менен карышкыр атуу үчүн Кулчу айылынын тоолоруна барганы аныкталды. Ж.А. жолду кыскартуу максатында жанындагылардан бөлүнүп башка жолго түшүп кеткен. Мергенчилер анын артынан барган учурда узундугу 300 метр, туурасы 50 метрге жеткен кар көчкү жүргөнүн көрүшкөн. Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде ошол эле түнү саат 05:25 чамасында мергенчинин сөөгү көчкү алдынан табылган", — деп айтылат маалыматта.
Издөө иштерине 22 милиционер, ӨКМдин жана жергиликтүү тургундардан 50гө жакын адам тартылган.
Кайгуул милициядан качкан автоунаа кырсыктап, 3 адам каза болду. Видео