Бир түндө мас болуп унаа башкарган 24 айдоочу кармалды

Рейд учурунда жалпысынан 68 айдоочу жол эрежесин бузгандыгы аныкталды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын атайын ротасы бир түн ичинде 24 мас айдоочуну кармады.
Мекемеден маалымдалгандай, кырсыктарды алдын алуу боюнча рейд 4-февралга караган түнү өткөн. Натыйжада 68 айдоочу жол эрежесин бузганы аныкталды.
Алардын ичинен:
24 учур – мас абалында унаа башкаруу;
4 учур – тиешелүү документтери жок транспорт каражатын айдоо;
40 учур – түрдүү жол эрежелерин бузгандар.
Түн ичинде айып короого 28 автоунаа жеткирилген. ЖКККББ айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырып, мындай текшерүү иштери улантыларын эскертти.
Жогорку Кеңеш мас айдоочуларды күбөлүктөн ажыратуу мыйзамын кабыл алды