Валентина Шевченко мексикалык Гроссо менен 4-мартта беттешет

Турнир Лас-Вегас шаарында өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченконун кезектеги беттеши үстүбүздөгү жылдын 4-мартында өтөт.
UFC уюму Лас-Вегаста өтө турган UFC 285 турниринде Шевченко мексикалык Алекса Гроссо менен беттешерин расмий жарыялады.
Кыргызстандык спортчу акыркы беттешинде бразилиялык Тайла Сантосту жеңген. Муну менен Шевченко негизги кармашта жетинчи жолу чемпиондук курун коргогон.
Валентина Шевченко аялдар арасында жылдын мыкты мушкери деп табылды. Видео