Sputnik Кыргызстан агенттигине мейманга "Ынтымак" фракциясынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев келген. Биз аталган фракциянын жыл ичинде жасаган иштери тууралуу сүйлөштүк.
— VII чакырылыштын парламентке келгенине бир жыл болду. Ушул аралыкта сиздердин фракциянын жасаган ишине, чыгарган мыйзамдарына токтолсоңуз?
— Былтыр 29-декабрда ант берип, кызматка киришкенбиз. Жалпы Жогорку Кеңеш жакшы эле иштеп жатат деп ойлойм. Өзүбүзгө баа бере албайбыз, аны эл айтат. "Ынтымак" фракциясынын шайлоодо берген убадасы боюнча алдыга койгон пландары бар эле. Анын негизинде 22 мыйзам иштеп чыктык. Бешөө экономикалык, сегизи социалдык, бирөө мамлекеттик коопсуздук боюнча жана дагы бир катар багытта жазылды. Шайлоо маалында эл менен жолугушканда жаш балдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук тууралуу көп айтылган. Социалдык тармакта да абдан талкууга алынды. Ошол себептен педофилдерге берилүүчү жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун жаздык. Карап көрсөк, буга чейин ал кылмышкерлер жолун таап кутулуп, керек болсо мунапыс менен да чыгып кетчү экен. Же болбосо кылмыш мөөнөтү өткөнчө сырт жакка качып барып, кайра келгенде жөнөкөй жаран катары жүрө берчү экен. Психиатриялык ооруканадан аныктама алып алгандар да бар. Мындайлар жокко чыгарылып, керек болсо өмүр бою эркинен ажыратылсын деп мыйзамды күчтөдүк.
Кыргызстанда дагы бир чоң маселе — бул жумушсуздук. Кендерди туура иштетүү максатында мыйзам жазып, анын алкагында бюджетке 10 миллиард сом түшүрүү күтүлүүдө. Демек, бюджетти толтурууга биздин фракциянын да салымы бар. Жумуш ордун түзүү боюнча мыйзамга кен казуучу компания жергиликтүү калктын 70 пайызын жумушка алышы керектиги боюнча жобону киргиздик (5-10 миң жумуш орду түзүлүп калат — М.Маматалиев).
Ал эми шаарды каптаган ыш менен күрөшүү боюнча өзүнчө токтом кабыл алынды. Өзүңөр билгендей, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы, Баткен окуясы өңдүү кандай гана оор жагдай болбосун, ыктыярчылардын эмгеги зор. Алар да мыйзамда белгиленген эмес экен, эмгек стажы да каралышы керек. Баткен окуясына байланыштуу жергиликтүү элдин суранычы боюнча элди куралдандыруу жана мобилизациялоо мыйзамын кабыл алып бердик. Кылмыштуулукту 2-3 эсеге азайтуу статистикасын жөндөп мыйзам киргизип жатабыз.
Көйгөйлөрдү чечүү боюнча мектеп, жол, бала бакча маселелери да четте калган жок. Депутаттар ушуну менен алек болмок беле деп сындагандар чыгат. Айла жок, шайлаган аймактын маселеси болгондуктан чечүүгө туура келет. Былтыр эле аймактарда 30 чакырымдай жол курулду. Эки мектептин курулушун түздөн-түз өзүбүз көзөмөлдөп, анын бири бүттү, экинчиси аяктоо алдында турат. Эми алты мектепти планга киргиздик. Өзүбүздүн каражатыбыз же демөөрчүлөрдүн көмөгү менен шаардагы балдар үчүн аянтчаларды, спорт залдарды салдык. Учурда Ысык-Көл облусунда эки чоң спорт зал салынып жатат. Депутат болгондон кийин өз чөнтөгүңдөн да акча кетет.
"Ынтымак" фракциясынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев
— "Өз чөнтөгүңдөн" деп калдыңыз. Депутат болуу үчүн бай болуу керекпи?
— Жок, жаштар депутат болсоң байыйсың деп ойлошот. Айрымдар эле байып кетпесе, тескерисинче, чыгым болосуң. Ал эми парламент институтунун түпкү тарыхын карап көрсөк, ар кандай тармактын адамдары келиши абзел. Акыркы шайлоолордо эл жактырган талапкерин өз каалоосу менен шайлаган учурлар бар. Мына, Эрулан Көкүловду партияга чакырганда гезит чыгарууга, жол киреге, үгүт материалдарына акча кошту, бирок эч кандай чоң каражат короткон жок. Ал жигитке элдин ишеними бар экен, эмгегин баалап шайлашты.
— Эрулан Көкүлов тууралуу сөз баштап калдыңыз. Шайлоо алдында фракциялар элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон адамдарды кошууга аракет кылат. Сиздердин фракцияда ушундай фигура Көкүлов болду. Абдан көп добуш алып келди. Бирок депутаттын унчукпай пассивдүү отурушу фракцияга кандай таасир берип жатат? Эл да ушул кезге чейин ага үмүт артып келет...
— Ар бир жетекчи партияны негиздеп жатканда "шайлоодон уталы, парламентке баралы" деген максатты коёт. Экинчиден, таза адамдарды алууну каалайт. Бир адам үчүн партиянын өтпөй калуу тобокелдиги бар. Үчүнчүсү, элге таанымал, эл жактырган адамдарды карайт. Бул баланын социалдык тармакта эл үчүн жасап жаткан жумушун карап туруп шайлоого чейин эле колдоо көрсөтүп жүрчүмүн. Анда шайлоого баруу планыбыз жок эле. Кийин парламентке аттанганда, албетте, аны чакырып, азык-түлүк коопсуздугу жаатында мыйзам жазуу тууралуу сүйлөшкөнбүз. Бир жылдан бери анын аягына чыга элек. Бирок азыр экөөбүз абдан катуу иштеп жатабыз. "Эрулан, сен азык-түлүк коопсуздугу жагын жакшы билесиң. Бүгүн сен текшерип, эртеси ким текшерет эмес, ал тармак мыйзамдуу түрдө системдүү иштеши керек. Ошол себептен аны так жазып берели" деп сүйлөштүк. Азыр бир аз кыйынчылыктар болуп жатат. Бирок бул мыйзамдын аягына чыгабыз. Ал эми пассивдүү болуп жатканынын себеби: буга чейин мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес. Анын да кесепети тийди. Ички процессти эми өздөштүрдү. Экөөбүз бир жылдык план түздүк, анын негизинде эми иштеп баштайт. Эрулан эле эмес, көп эле депутаттар ишти шыр алып кете алышкан жок. Айрымдар келип алып кайра кеткиси келди, саясаттагы интригаларды, оюндарды көрүп чалкасынан кеткендер болду. Анткени бир жагынан мамлекетке керек, экинчиден, эл каршы болгон Кемпир-Абад, казино өңдүү кыйын маселелер каралды.
— Азыр президенттик башкаруудагы мамлекет болдук. Он жылдай парламенттик өлкө болуп турганда Жогорку Кеңештин көз карандысыздыгы жогору эле. Азыр эми парламенттин, анын ичинде сиздин фракциянын эркиндиги канчалык деп айта аласыз?
— Парламенттик башкаруудан президенттикке өткөндөн кийин Жогорку Кеңештин бир топ функциялары жокко чыкты. Мурда депутаттар бүтүндөй бир министрликке ээ болчу. Түзүлгөн коалиция бир министрликти алып, андагы кадр маселесинен баштап баарына киришчү. Ал жактан коррупциялык схема менен акча жасагандар да болгон. Муну ачык айтуу керек. Учурда андай эмес. Биздин фракция башынан баштап эле өкмөттүк же оппозициялык маанайда эмес, орто позицияда иш алып барат. Өкмөт көтөргөн кайсы бир маселенин элге пайдасы тийсе колдойбуз, элдин кызыкчылыгына каршы болсо колдобойбуз. Мисалы, биз пенсиялык реформага каршы болдук.
— Пенсия жаатында эки-үч өзгөртүү сунушталган, кайсынысына каршы болдуңар?
— Пенсия курагын узартууну жана күч органдарында иштеп жаткан пенсионерлерди жокко чыгарабыз дешти. Ал убакта Баткен окуясы боло элек болчу. "Мындай болбойт, эртең Баткен окуясы болуп калса алар өз өмүрүн тобокелге салышат. Пенсияга чыгып алып иштегиси келсе иштей берсин, эмнеге бөгөт коюп жатасыңар" дедим. Күч органдарынын кызматкерлери деле көп эмес. Аларда келечекке ишеним болушу керек да. Ошондой эле Салык кодекси боюнча биринчи күн тартибинен алып койдук, кийин өкмөт биздин талаптарды эске алууга кепилдик бергенде гана биринчи окууда колдоп бердик.
— Жайында эс алууга тарап кетесиздер. Кандай пландарыңыздар бар?
— Элдин алдында убада бергенде жаштарга "биз башка мамлекеттердей мунайга бай эмеспиз же Дубайдагыдай 18 жашка чыккандарга миллион долларга чейин бере албайбыз. Ошол себептен билим алууга басым жасайлы" дедик. Мектепти бүтөрү менен окууга мүмкүнчүлүгү жоктор миграцияга кетип калышууда. Ошол себептен ар бир 18 жашка чыккан жаран мамлекеттен жөлөк пул алуусу үчүн 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин берүү механизмин иштеп чыктык. Ал акчаны дароо эле колго ала албайт. Бирок окуу акысын төлөп же үй алууга алгачкы төлөм катары берүүнүн концепциясы иштелди. Бул коомдук угуудан өттү. Жакында комитеттерге жана жалпы жыйындарга кирет. Экинчиден, миграция маселеси, азыр миллионго жакын жараныбыз сыртта иштеп жүрөт. Ошол себептен мигранттар үчүн чет мамлекетте миграциялык борбор түзүү мыйзамын жазганбыз. Азыр муну өкмөт жасап жатат, президент менен да макулдашылган. Ошол борбордо паспорт, юридикалык кызматтардан баштап, айтор, Кыргызстанда кандай тейлөө жүрсө, Москва жана башка шаарларда да ошондой тейлөө жүргүзүлүүсү үчүн иштер жасалууда. Бул эки чоң мыйзам өтүп кетсе абдан жакшы болмок. Үчүнчүдөн, тендер маселесине да чекит коюу керек болуп турат. Азыр бул боюнча иштеп жатабыз. Ыш боюнча токтомдор аткарылбаса бул жаатта чоң мыйзам жазайын деген оюм бар. Шайлоонун алдында энергетикалык каатчылык боюнча мыйзам жазууну убадаладык эле, кечээки суунун башында туруп светти өчүрүп жатканыбыз мунун керектигин көрсөтүп койду. Мини ГЭСтерди курсак болор беле дейбиз. Эмне үчүн кура албайбыз? Ошол жактагы жер көйгөйү бар. Ал айыл өкмөттүкү же дагы бир токой чарбасыныкыдыр. Мейли, инвестор жерди бир жылда чечсе да ошол энергияны мамлекет сатып ала алабы же жокпу деген тариф маселеси бар. Мунун баары мыйзамда жазылышы керек. 100 долбоор даярдап инвесторлорго берүү керек. Келчүлөр толтура. Болгону мыйзам керек болуп турат. Учурда биз жазган 22 мыйзамдын алтоо эле өттү.
— Сиздердин программада көп тармак камтылган болчу. Анын бири — энергетикалык каатчылык. Өзбекстан кайсы бир жерин берип болсо да Кемпир-Абадды алып, өздөрүн суу менен камсыздоону көздөп жатат. Башка коңшу мамлекеттер да Кыргызстан менен ГЭС курууга ынтызар. Бул энергетикалык каатчылыкты чечүүгө жакшы өбөлгө болгону менен экинчи жагынан Кыргызстан сууга бай өлкө, кошуналар биздин казынабызга кол салып жатканы эксперттер тарабынан айтылып жатат. Буга пикириңиз кандай?
— Эгер акчабыз болсо, мини ГЭСтерди курсак жакшы болмок. Буга потенциалыбыз жетиштүү. Мындан тышкары, Камбар-Ата өңдүү өзүбүздүн чоң долбоорлорду салсак болот. Бирок буга 10 миллиард доллардын тегерегинде акча керек. Бизде андай акча жок. Ошол себептен инвесторлорду тартуу керек. Коңшу эмес, алыскы Россия өңдүү мамлекеттерден чакырсак дейбиз. Бирок дүйнөлүк каатчылыкка байланыштуу аларда да ашыкча тыйын жок. Биз күтө албайбыз. Жерге ээлик кылуу жагынан биздики болгондон кийин эч ким кирише албайт. Бирок башкарууга киришип, пайданы алар да бөлүшөт. Инвестициясын чыгарып алганга чейинки мөөнөтүн так коюу керек. Менин угушум боюнча, пайданы тапкандан кийин кетишет деп жатышат. Анда жакшы. Бирок кандайдыр бир үлүшкө ээ болуп калат экен. Келечекте эл көбөйүп жатат, ошондуктан светтин өчүрүлүшү дагы көбөйөт. Бул жагын дыкат чечүү керек. Биз жазган мыйзам чакан ГЭСтерди курууга мүмкүндүк берет.
— Коңшулар эле эмес, үчүнчү өлкөлөрдү да эске алганда Кыргызстан ким менен өнөктөш болушу керек?
— Бардык мамлекеттер менен бирдей мамиледе болуп, бирок өз кызыкчылыгыбызды көздөшүбүз зарыл. Ошол эле коңшу мамлекеттерди да жокко чыгара албайбыз.
— Туризмге да басым жасадыңыздар эле?
— Кыргызстанга келген туристтен баштап, өзүбүз деле "каякка барабыз" деген суроону көп коёбуз. Керек болсо көп кыргызстандык Соң-Көл, Сары-Челек, Таш-Рабат деген кооз жерлерди билбейт. Ички инфраструктура жакшы өнүккөн эмес. 100 жерди аныктап, ага мамлекетке инфраструктура курдурууну жөнгө салып берүү максатын колго алдык. Бүгүн Кыргызстан боюнча 68 жерде RestPoint (эс алуу зонасы) курабыз деп жатышат. Идеяларыбыз дал келип, өкмөт бир миллиард сом бөлүп берди. Эми Кыргызстан боюнча жогорудагы 68 жерге инфраструктура куруп берүүгө белсендик. Бүгүн болгону алты эле жерде курулду. Калганынын долбоору болгону менен жер маселеси кармап жатат. Биздин мыйзам ишке ашса трансформацияга жол берет.
— Курултай институту тууралуу оюңуз кандай? Бара-бара парламентти жокко чыгарат деген сөздөр болуп, башында эл өкүлдөрү чочулоо менен кабыл алдыңыздар эле...
— Ооба, алгач мыйзам долбоору сунушталганда чочулоолор болгон. Бирок мыйзамга ылайык, парламент ишин токтотушу үчүн өзүн-өзү таратуусу керек. Курултайга каршы добуш бергенбиз. Мыйзам долбоорун карап көрсөк жергиликтүү бийликтин ишине, кадр маселесине чейин кийлигишип кете турган жерлери бар экен. Жакында өткөн Курултайга эки күн катышып, бирок анчалык деле кооптуу жактарын байкаган жокмун. Тескерисинче, пайдалуу жагы бар экен. Себеби элдин үнү угулуп, көйгөйүн айтып бугун да чыгарып алышат экен. Эл бизге да жолугуп, маселелерин чечип жатышты. Демек, жыйынтык бар экен деп калдым.
— Парламентте чыгарылган мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө функциясы да бар. Мурда бул жагынан алешемдиктер кеткен. VII чакырылыш, анын ичинде сиздердин фракция бул функцияны кандай аткарууда?
— VII чакырылыш бул жагынан мыйзамды толук аткара элек, болгону ыш маселесинин токтому боюнча карадык. Туура, мыйзамды пачкалап жаза бербестен көзөмөлдүшүбүз керек. Анын атайын процедурасы жана өзгөчө мыйзамы бар. Анда кабыл алынгандан алты ай өтүп, кандай иштеп жатканын толук карап баа берүү каралган. Биздин фракция анализ жасап жатат. Азыр 2500дөй мыйзам, 33 кодекс, тогуздай процессуалдык кодекс бар экен. Ушунун баарынын аткарылышын көзөмөлдөбөй, бири-бирине шайкеш да келбей, айтор, жазылган боюнча эле калып жатат. Булардын көбүн жокко чыгарып, болгону 30 кодекс калтырууну сунуштадым. Мисалы, Үй-бүлөлүк кодекске үй-бүлөгө тийиштүү бардык нерсени камтыйлы. Экономикалык жактан бир кодекс, техникалык регламентке өзүнчө. Ар бир министрлик да өз мыйзамын киргизип алган. Англияда бир жылда беш мыйзамга гана өзгөртүү киргизилет. Биз бир жумада 15-20 мыйзамды өзгөртүп жиберебиз. Керек болсо анын аткарылышын да карай албай калдык. Мунун баары жөнөкөй элге кыйынчылык туудура берет экен. Бул өтө татаал жумуш. Бирок шаардын сыртына 1-2 айга чыгып кетип күчтүү-күчтүү эксперттерди, аксакалдарды, профессорлорду чакырып 30 кодексти эле калтырууну иштеп чыкса болот. Мында парламенттин иши да өзгөрүп, эффективдүү болмок.
"Ынтымак" фракциясынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Мамлекеттик кызматкердин этикасы жазылган эрежеге саясий кызматкерлер кирбей калыптыр. Жогорку Кеңеште этика боюнча нускама китеп чыгарылып депутаттарга таратылат. Бирок эл өкүлдөрүнө, саясий кызматкерлерге тийиштүү этикалык нормалар жок. Ошол эле учурда катардагы административдик кызматкерлердин этикасы каралган. Мунун өзү парадокс. Этикасы жазылбаган саясий кызматкер кол алдындагылардан этика талап кылууга укугу бар болуп калууда. Ушул жагынан мыйзам долбоору керекпи?
— Өткөндөгү саламаттык сактоо министрине байланыштуу бир окуяда анын кылганы этикага жатар-жатпасын сурап калышты. Карап көрсөм, чынында ушул маселе бар экен. Чоң саясий кызматка дайындалып жаткандардан эч кандай тажырыйба, эмгек стажы талап кылынбайт. Бизде кызматка келген аткаминерге кандай иштөөнү аппарат жарым жыл үйрөтөт. Ал бир аз ишти өздөштүрө баштаганда айдап жиберишет. Бул багытта ойлонуп көрүү керек. Министр деген компас сыяктуу болушу абзел.
— Борбор калааны каптаган ышка өзгөчө басым коюп жаткан фракция катары айтыңызчы, көйгөй чечилеби?
— Аткаруу бийлиги, мыйзам жазуучулар, соттор жардам бере турган болсо бул 2-3 жылда чечилүүчү маселе. Эрк жана жоопкерчиликтүү киши керек. Негизинен буга конуштардын жашоочуларынын айла жоктон көмүр жакканы себеп. Көмүрдүн сапаты да начар. Газдын тарифи бир аз жогору болуп турат. Польшада илимий институтта иштеген илимдин доктору фильтр ойлоп тааптыр. Ал мештен чыккан уулуу заттарды сыртка чыгарбай чыпкалап калат экен. Фракциянын жаштар канатына "Польшага учуп барып институт менен сүйлөшкүлө, франшизасын сатып алалы" деп жатам. Эгер бул чындап ишке ашып калса, жеңил эле кутулат экенбиз. Мамлекет колунда жокторго өзү алып берип, колунда барларды сатып алууга милдеттендирсе. Ал фильтрди тазалап туруп кайра ордуна коюп койсо болот экен.