БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору ар дайым шайдоот жүрүүнүн жолдорун сунуштады.
Маалыматка караганда, сергек жашоонун негизин зыяндуу адаттардан арылуу, гигиена, көп кыймылда болуу жана спорт түзөт. Ошондой эле жакшы эс алуу ден соолукту калыбына келтирип, аны бекемдейт.
Маанилүү шарттардын бири — белок, май, углевод, витамин жана минералдарды камтыган пайдалуу азыктар.
Ар бир тамактануунун 20 пайызы мөмө-жемиш, 20 пайызы эт, балык же жумуртка, 30 пайызы жашылча-жемиш, 30 пайызы углевод (картошка, дан азыктары, нан) болушу керек. Мындан сырткары, күн сайын сүт азыктарын да ичип туруу шарт. Аны менен катар күнүнө 1,2-1,5 литр суу ичүү сунушталат.
Туура тамактануунун эрежеси:
чакан порция, бөлүп-бөлүп аз-аздан жегиле;
жакшылап чайнап жегиле;
сапаттуу азык-түлүктөрдү гана алгыла;
уктаардан эки саат мурун тамактангыла;
туздуу азыктарды азайткыла (күнүнө 5 грамдан ашпасын);
тез татымды жумасына бир жолудан ашык жегенге болбойт;
газдалган таттуу суусундуктарды ичкендин ордуна таза сууну тандаңыз.