29-январга карата аба ырайы

29-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Жекшемби күнү республика боюнча күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +1...+6, Талас, Ысык-Көл аймактарында +2...+7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +3...+8 градус жылуу, ал эми Нарын облусунда -1...-6 градус суук болору айтылды.
Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Термометр борбор калаада +3...+5, Ошто +6...+8 градусту көрсөтөт.
Радио
Бишкектиктердин үйүнө жеткенге чейин суу кантип тазаланат? Адистин түшүндүрмөсү