Куран китебин өрттөгөн радикал саясатчы Эрдоганга шарт койду

Даниялык оңчул радикал Түркия Швециянын НАТОго кошулуусуна макулдугун берген учурдан баштап Куран китебин эч качан өрттөбөй тургандыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Стокгольмдогу түрк элчилигинин алдында Куранды өрттөгөн даниялык ашынган оңчул саясатчы Расмус Палудан президент Тайип Эрдоганды Швеция НАТОго кошулмайынча дагы жаңы акцияларды өткөрөрүн айтып коркутту. Бул тууралуу РИА Новости Aftonbladet басылмасына таянып жазды.
Радикал басылмага берген маегинде анын мындан башка экстремисттик аракеттеринин ишке ашар-ашпасы Швецияны НАТОго киргизгиси келбеген "президент Эрдогандын өзүнөн" көз каранды экенин айтты. Палудан Анкара Стокгольмго НАТОго кошулууга уруксат берери менен ал "эч качан түрк элчилигинин алдында Куранды өрттөбөй" тургандыгын айткан.
Саясатчы өткөн ишембиде Стокгольмдо Түркиянын элчилигинин алдында Куранды өрттөгөн. ЖМКлар ал бул аракетине Швеция бийлигинен уруксат алганын жазышкан. Палудан "Түркияга чыныгы сөз эркиндигин көрсөтүүнү" каалаганын айткан болчу.
Бул акциядан кийин Эрдоган Швеция НАТОго кошулуу үчүн Түркиянын макулдугун күтпөй эле койсо болорун билдирген.
Стокгольмдо Курандын өрттөлүшүн Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн, анын ичинде Сауд Арабия, Кувейт жана Бириккен Араб Эмирлигинин тышкы иштер министрликтери айыпташты. Россия Стокгольмдо Курандын өрттөлүшүн туура эмес деп таап, сындаган мамлекеттердин катарында турат.
Швеция менен Финляндия 2022-жылдын 18-майында Украинадагы окуялардан улам аскердик блокко кошулууну чечишкен. Алардын арыздарын Венгрия менен Түркиядан башка альянстын 30 өлкөсүнүн 28и буга чейин жактырган.
Түркиялык саясатчы бийликке НАТОдон чыгууга чакырык жасады