Пресс-борбор

Ыш вирустун жайылышына таасир этеби? Академик Онищенконун жообу

Ыш каптап турса ден соолугу таза, эмделген адамдын иммунитети да жабыр тарта турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Ыш вирустун жайылышына таасир этер-этпесин Россиянын Илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко айтып берди.
Ал Sputnik маалымат борборунда өткөн "Грипп жана "кракен": жаңы пандемияга даярдануу керекпи?" деп аталган видео көпүрөнүн алкагында сүйлөгөн.
Журналист академиктен ыштын вирустун жайылышына жана иммунитеттин төмөндөшүнө таасир этер-этпесин сураган.
"Албетте, таасир этет. Калк жалпы эмдөөдөн өтүшү керек. Булганган аба иммундук системаны эле жабыркатпастан ден соолугу чың адамдын да шайын оодарат. Кыргызстандагы грипп боюнча абалды көрдүм, өтө деле кооптуулук жок. Бирок минтип ыш каптап турганы жакшы эмес", — деди Онищенко.
Ал кандай болгон күндө да Бишкек газ менен жылытууга өтүшү зарылдыгын белгиледи.
Радио
Маматалиев: ыш көйгөйүн чечсе болот, жолу табылды