Жашоосун театр, киного байлаган Бакыт Мукул 58 жашта. Режиссердун сүрөттөрү

Бүгүн — белгилүү актер, режиссер Бакыт Мукулдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 58 жаштагы таланттуу инсандын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Бакыт Мукул 1965-жылы 25-январда Нарын районундагы Учкун айылында жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолун Нарындагы театрдан баштап, кийин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы эки жылдык студияда окуган. Андан соң өлкөдөгү бир катар театрларда актер болуп, куудулдукту кошо ала жүрүп 50дөн ашык ыр, 30дан ашык сатира жазган. Кинематографияга аралашкан жылдары 40тай тасмада роль аткарып, сценарист, режиссер катары өзүн сынап, Дастан Жапар уулу экөө бир топ эл аралык сыйлыктарды багындырган "Атанын керээзи", "Акыркы көч" тасмасын жаратты.
КРдин эмгек сиңирген артисти, Сүймөнкул Чокморов, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты, КМШ жана Балтика конфедерациясынын кинематографисттер союзунун мүчөсү Бакыт Мукул жубайы менен 35 жылдан ашык бирге түтүн булатып, үч уулду тарбиялап өстүрдү.
1 / 14

Бакыт Мукул Нарын, Чүй жана борбор калаадагы Жаштар театрында актер болуп иштеген

2 / 14

Болочоктогу актер жакындары менен

3 / 14

Жаш актер кесиптештери менен "Манас" спектаклин даярдоо учурунда

4 / 14

Куудул, актер түрдүү жанрдагы ондогон тасмада роль жараткан

5 / 14

Атактуу Митхун Чакраборти менен Назирет Дубашев, Таалайкан Абазова, Бакыт Мукул

6 / 14

Актер көптөгөн кинофильмдерде комедиялык ролдорду ийине жеткире аткарган

7 / 14

Таланттуу актер сахналаштары менен. Бакыт Мукул экинчи катарда ортодо турат.

8 / 14

Кыргыздын мыкты киночу, актерлору Өзбекстанда Ташкент кинофестивалында

9 / 14

"Акыркы көч" кинофильмин тартуу учуру. Кызуу иштеген киночулар.

10 / 14

Чыгармачылыктагы ага-ини. Күмөндөр Абылов менен Бакыт Мукул.

11 / 14

"Атанын керээзин" тартуу учуру. Сүрөттө: Марат Алышпаев, Бакыт Мукул, Дастан Жапар уулу.

12 / 14

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин колунан сыйлык алган талант

13 / 14

Азия-Тынч океан киноакадемиясынын (APSA) киноакадемиги Бакыт Мукул режиссер Артык Сүйүндүков менен

14 / 14

КРдин эмгек сиңирген артисти уулдары менен

Тема боюнча:
Тарыхый чыгармалардын устасы 92 жашка толмок. Төлөгөн Касымбековдун сүрөттөрү
Кыргыздан чыккан төрт аял кинорежиссёрдун бири эле. Клара Юсупжанованын сүрөттөрү
Унутулгус образдар, бийик чеберчилик. Советбек Жумадыловдун сүрөттөгү элеси
"Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымдарын" тарткан Нуртай Борбиевди эскерип...