15-январга карата аба ырайы

15-январга караган түнү жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Жекшемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болуп, маал-маалы менен туман түшүп турат. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй жана Талас жергесинде -6...-11, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -3...-8, Ысык-Көлдө -4...-9, ал эми Нарында -18...-23 градус суук болот.
Термометр эртең Бишкекте -8...-10 жана Ош шаарында -5...-9 градусту көрсөтөт.
Күн жылыйбы? Февраль айына карата аба ырайы