Болот Шамшиев 82 жашка чыкмак. Режиссерду "эскерген" каармандары

Бүгүн — атактуу кинорежиссер Болот Шамшиевдин туулган күнү. СССРдин эл артистинин көзү тирүү болгондо быйыл 82 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу киночунун эмгектериндеги каармандарын "чогултуп", залкарды эскерди.
Sputnik
Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Төлөн Шамшиев белгилүү акын, ал эми апасы Авина Мурзаходжаева акушер-гинеколог эле. Болочоктогу кинематографист 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссёрдук факультетин аяктап чоң киного кадам таштаган.
Өмүрүн "кыргыз кереметин" жаратууга арнаган режиссер эмгек жолунда "Чабан", "Манасчы", "Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Эл арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер" жана "Фудзиямадагы кадыр түн" фильмдерин жараткан.
Кыргыз Республикасынын эл артисти 2019-жылы 21-декабрында 78 жашында көз жумду. Өткөн жылы президент Садыр Жапаров "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин жакындарына тапшырып, киночу Кыргыз Республикасынын Баатыры аталган.
1 / 15

Таятасы Момун чал айтып берген уламыштардан жаратып алган кыял дүйнөсүндө жашаган бакыраң көз кичинекей Нургазы. "Ак кеме" тасмасы.

2 / 15

"Эрте келген турналар" тасмасында Мырзагүлдүн ролун аткарган Нүргүл Киндербаева

3 / 15

Зөөкүр Орозкулдун бугунун башын аеосуз чаап жатканы дене бойду дүр эттирген көрүнүштөрдүн бири. "Ак кеме" тасмасы.

4 / 15

"Караш-Караш окуясындагы" тасмадагы Жарас бай (Советбек Жумадылов) менен котормочу Күчүков (Касымхан Шанин)

5 / 15

Шаман аялдын образын жараткан атактуу актриса Даркүл Күйүкова "Ак кемедеги" согуштук эпизоддо

6 / 15

Таланттуу Сүймөнкул Чокморов "Караш-Караш окуясы" тасмасында Бактыгулдун ролун аткарып тушоосу кесилген. Ошентип, Шамшиев сүрөтчүнү киного кадам таштатып жылдызын жандырган.

7 / 15

Момун чалдын ролун аткарган 60 жаштагы Асанкул Куттубаев

8 / 15

"Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" совет бийлигин жактаган Карабалтанын ролун Чокморов аткарган. Бул үчүн актер Тбилисидеги Бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана сыйлыкка ээ болгон.

9 / 15

Шамшиевдин "Бөрү зындан" фильминде Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролун аткарган

10 / 15

Карабалтанын (Сүймөнкул Чокморов) артынан ээрчиген Калича (Айтурган Темирова). "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы кызыктуу бир эпизод.

11 / 15

Аттан түшкүсү келбеген зөөкүр Ороскул, өтүгүн аяп, муздак сууга жылаңайлак кирген Момун чал. "Ак кемедеги" оор эпизоддордун бири.

12 / 15

СССРдин эл артисти Болот Шамшиев мыкты актерлор менен иштешип, ал кинодогу ролдорго ылайыктуу артисттерди мыкты тандай билген. Сүрөттө: Болот Шамшиев, Айтурган Темирова, Даркүл Күйүкова.

13 / 15

Терс каармандарды катыра аткарган Орозбек Кутманалиев. Ал Шамшиевдин "Эрте келген турналар", "Ак кеме", "Бөрү зындан","Фудзиямадагы кадыр түн" фильмдерине тартылган.

14 / 15

Турмушта жолун таппай адашкан, өз атын жоготкон Самат Касымов (Талгат Нигматулин) жана анын сүйүктүүсү Ажар (Айтурган Темирова)

15 / 15

Залкар актриса Сабира Күмүшалиева менен кичинекей Нургазы Сыдыгалиев. СССРдин эл артисти Карыз эненин ролун аткарган.

По теме:
Кылтак коюп, куш таптап, мергенчилик кылган кыргыздар. Архивдик сүрөттөр
Кыргыздан чыккан төрт аял кинорежиссёрдун бири эле. Клара Юсупжанованын сүрөттөрү