Радио

Дарыгер: суукта арак ичсем үшүбөй калам дегендер жаңылышат

Хирург Омар Динлосан катуу суукта оорубаш үчүн кандай аракеттерди жасаш керектигин айтты.
Sputnik
Ызгаардуу суукта сыркоолоп калбаш үчүн мүмкүн болушунча сыртка чыкпаш керек. Бул тууралуу Омар Динлосан Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эшикке чыккан учурда сөзсүз кол кап кийип жана шарф оронуу шарт.
"Өтө суук болгон кезде зарыл жумуш жок болсо үйдө отуруп, сыртка чыкпай эле койгон жакшы. Анткени суукта көп оорулар козголушу толук мүмкүн. Эгер чыкканга туура келип жатса, анда калың куртка жана кышкы бут кийим кийүү зарыл. Куртка менен бут кийим денеге жабышып турбастан кенен болуусу кажет. Негизи эле кышкы бут кийимди бир өлчөмгө чоңураак алган жакшы. Бутту тердетпей дайыма кургак алып жүрүш керек. Ошондой эле сөзсүз түрдө кол кап жана шарф тагынуу абзел. Өтө суукта калып калбаганга аракет кылып, эгер көчөдө болсоңуз жакынкы тамактануучу жайларга, дүкөндөргө, айтор, бир жылуу имартака кирип жылууланып алган оң. Ызгаарда кофе ичүү ден соолукка зыян. Анын ордуна жылуу суу же чай ичкен дурус. Ал эми суукта арак ичсем үшүбөй калам дегендик — жөн гана миф. Минтип өздөрүн өздөрү алдап иллюзияда жүргөн адамдар ойлонот", — деди дарыгер.
Ал суук күчөгөндөн тарта көчөдө калган үйсүз жарандар ооруканага көп келе баштаганын кошумчалады.