Чаткалда кар көчкү түшүп, жол жабылды

Синоптиктер бул жуманын орто ченинде Жалал-Абадда катуу суук болорун эскертишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кечээ, 8-январда, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырым аралыктарында кар көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кар көчкүнүн көлөмү 7 725 куб метрге жетет. Жеринде эки техника тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.
Жалал-Абадда келерки жумада күтүлүп жаткан аба ырайы