Эртең мененки тамактанууда колдонулуучу пайдалуу жемиштер аталды

Адис бул жемиштер организмге кандай пайда алып келерин айтып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Эртең мененки тамактануу рационуна банан, киви жана грейпфрут кошулса ден соолукка чоң пайдасын тийгизет. Бул тууралуу гастроэнтеролог Азамат Габуев RT каналына берген маегинде билдирди.
“Бир банандын курамында суткалык нормадагы калийдин 9 пайызы бар. Аны тамак-ашка колдонуу менен жүрөк кан-тамыр системасынын иштешин жакшыртса болот. Ошондой эле эртең менен банан жегенде кан басымы нормалдашып, андагы углевод адамга энергия берет”, — деген Габуев.
Анын айтымында, банан курсакты ток кармайт. Ошондой эле бул жемиш организмдеги ашыкча суюктукту сыртка чыгарып, шишикти таркатары айтылган.
“Бирок бананды көп жесе ашыкча салмак кошулушу мүмкүн”, — деп эскерткен адис.
Габуев, мындан тышкары, С витаминине, калийге жана клетчаткага бай грейпфрут менен тамак сиңирүүгө жардам берген кивини да күнүмдүк тамак-ашка колдонууну сунуштайт.
Иммунитетти чыңдоого жардам берчү шире