Психолог майрамдык эс алуудан соң ишке оңой киришүүнүн жолун айтты

Адистин баамында, кайрадан жумушка оңой аралашып кетүү адамдын өзүнөн көз каранды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Жаңы жыл майрамынан кийин бир нече күнкү эс алуу — жумуштагы түйшүктөрдү унутуп чер жазууга мыкты мүмкүнчүлүк. Бирок жумушка кайтуу айрымдар үчүн оор. Дем алыштан кийинки биринчи иш күндө көпчүлүк ишке шыр кирип кете албай, талыкшып, чарчап жаткандай сезет. Россиялык психолог Анетта Орлова адам кайрадан жумушка киришүүсү үчүн адегенде өзүн даярдашы керек деген кеңешин айтты.
Орлова эгерде адам үйдөн, аралыктан иштесе майрамдык эс алуулардын соңунда иш ордун эртеңки иш күнүнө даярдаганы туура деп эсептейт. Ал эми кеңсеге барып иштегендер болсо жумушка келген соң ишин даярдануу менен баштаганы оң.
"Адам ишке киришүүсү үчүн өзүнө кандайдыр бир маанай жаратса болот. Айланаңызды тазалап, буюмдарды иретке келтирүү менен сиз жумуш анчалык деле оор эместигин сезесиз", — деп психолог эс алуулардан кийин да жемиштүү иштөө ар бир адамдын өзүнөн көз каранды экендигин белгилеген.
Ошондой эле ал жумушту баштаардан мурун маанайды көтөрүүчү, ишке керектүү буюм сатып алууну сунуштайт. Мисал катары блокнот, компьютерге керектүү жабдык, канцеляриялык буюмдарды атаган.
Радио
Жумгалбекова: жаӊы жылдык каникулду пайдалуу өткөрүүнүн бир нече жолу бар