Аңчылар, мергенчилер курал, жаа, темир капкан, тузак, кылтак тартып буктурмаларды жасаган. Алар мал жут болгон жылдары жапайы жаныбарларга ууга чыгып элди ачарчылыктан сактаган. Ошол мергенчилердин эрдиктери дастан, жомок, уламыштарда кенен айтылган. Октябрь революциясына чейин милтелүү мылтык, кара мылтык жана таш мылтыкты колдонуп, кулжа, тоо эчки, элик, аюу, карышкыр, түлкүгө аңчылык кылган. Ошондой эле кыргыздар алгыр куштарды таптап, аны аң уулоого кеңири колдонгон.
Ал эми колго түшкөн жаныбардын эти аң уулоого чыккандар арасында бөлүштүрүлгөн. Мисалы, олжону аткан мергенчи анын башын, моюнун, төшүн жана терисин алган. Калган эт ууга чыккандар арасында тең бөлүштүрүлгөн. Олжо кичинекей болуп калганда анын эти жиликтелип бөлүштүрүлгөн. Андан сырткары, мергенчилер айылга келгенде айылдаштарына, коңшуларына этти таратып, айрымдарын казанга асып үйүнө чакырган.
Тема боюнча: