Ичкендин эртеси киши өзүнө кантип келсе болот. Диетологдун кеңеши

Адис мончого же саунага түшүп, спорт менен машыкпай туруу керектигин да эскертти. Мунун баары жүрөк-кан тамыр системасына зыян.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Ичимдик ичкенден кийинки абалды жакшыртуу үчүн эмнелер жардам бере турганын "Известияга" дарыгер-диетолог Елена Тихомирова айтып берди.
"Эртең менен болушунча суюктук ичүү керек. Суу организмди алкоголго уулануусун алдын алат жана аны бат кетирет. Ичимдиктен кийин организм углеводду талап кылат, ошондуктан жемиш, мөмө, ботко жана башка углеводдуу азыктарды жеш керек", — деди адис.
Ошондой эле суусундуктардан клюква менен кызыл карагаттын ширеси, айран жардам берерин кошумчалаган.
Мындан сырткары, таза абада сейилдөө керек, бирок дене көнүгүүлөрүн активдүү жасап же спорт менен машыкпаш керек. Мончого же саунага барып организмди ысык абага кабылтуунун кажети жок. Анткени ушунун баары жүрөк-кан тамыр системасына терс таасирин тийгизет.
Министрлик: алкоголдук ичимдик 60 түрдүү ооруну пайда кылат