БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров кримтөбөл Камчы Көлбаев менен жолукканы тууралуу маалыматты четке какты.
Белгилей кетсек, бүгүн УКМК депутат Чолпон-Атадагы "Барс" эс алуу борборуна мыйзамдагы ууру менен жолугушканын билдирген.
Эл өкүлү ал маалыматты төгүндөп, бул боюнча кечээ атайын кызматка сурак берип чыкканын белгиледи.
"25-декабрда, дем алыш күнү, "Барс" эс алуу борборуна жардамчым экөөбүз барганбыз. Ал жерден жаңы жылга 10 литр кымыз алдык, каникулда үй-бүлөбүз менен эс алууга коттедждерди көрүп келдик. "Барс" - коомдук жай, элдин баары барып эс алат. Камчы Көлбаев менен жолугушту дегени чындыкка дал келбейт. Мен аны ал жерден көргөн жокмун. Жолукканым тууралуу далили болсо, видео, сүрөттөрү бар болсо чыгарсын. Бул жөн эле куру доомат. Кечээ ушул маселе боюнча УКМК суракка чакырып, "сиз эмнеге Көлгө бардыңыз, кимге жолуктуңуз, Көлбаев бар бекен?" деген суроолорду беришти", — деди Бакиров.
Ошондой эле ал кримтөбөл Камчы Көлбаев менен мамилеси да, тааныштыгы да жок экенин белгиледи. УКМК анын ар бир кадамын лупа менен карап, болбогон иштерди болгондой көрсөтүп жатканын айтты.
Эскерте кетсек, Өмүрбек Бакиров парламенттин 17-ноябрдагы жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан. Анын эртеси президенттин иш башкармалыгы депутатты кабинетинен чыгарып салган.
Андан кийин ал шайлоо учурунда добуш сатып алууга айыпталып, мурда соттон жабылган иш кайра жанданган. Бул депутатты мандатынан ажыратууга алып келет.