Эмне себептен дайыма тамак жегим келе берет? Эндокринолог себебин айтты

Адистин айтымына, адамда ачка болгондой сезимди айрым гормондор менен стресс пайда кылат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Эмне себептен адам өзүн дайыма ачка жүргөндөй сезет? Сунун себебин эндокринолог Анна Чемекова "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде түшүндүрүп берди.
"Ачка болуу — кадыресе сезим. Организм белоктун, майдын же углеводдун жетишсиздигине дуушар болбошу үчүн өз убагында белги берип турат. Бирок жаңы тамактангандан кийин дагы ачка болгондой сезим боло берсе, бул көйгөй. Дарыгерге кайрылуу зарыл", — деди адис.
Анын айтымына, ачкачылык сезимин айрым гормондор менен стресс пайда кылат.
"Айрым учурда грелин, лептин жана инсулин адаттан тыш бөлүнө баштайт. Мындай учурда адам тамак жегиси келе берет. Ошол үчүн дарылануу керек", — деди Чемекова.
Ал адам өзүн көпкө чейин ток тартып жүрүшү үчүн белокко бай эт, балык, быштак, жумуртка, козу карын, буурчак, нокот сыяктуу азыктарды жеш керектигин эскертти.
Арык адамдын боорун май басабы? Гастроэнтерологдун түшүндүрмөсү