Боорум ооруп Түркияда дарыландым. Айдарбеков жумушка чыгып абалын айтты. Видео

Депутат коңшу өлкөгө баргандан кийин ден соолугу начарлап кеткенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бир ай мурда дарыланууга кетти делген Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков бүгүн жумушка чыкты. Аны менен Sputnik Кыргызстандын кабарчысы баарлашып, ал-абалын сурады.
Белгилей кетсек, 26-ноябрда "Альянс" фракциясынын депутаттары Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев Алматыга тажияга баратканда УКМК Жамгырчиевди өткөрбөй койгон. Айдарбеков ошондон ары дарыланууга кетип, жумушка келбей жаткан.
Депутат коңшу өлкөгө баргандан кийин ден соолугу начарлап, жергиликтүү ооруканада бир күн асма укол алып жатканын белгиледи.
"Алматыдан ары дарыланууга кетүү планым жок эле. Кесиптешим экөөбүз түшкө чейин жаназага катышып кайра келмекпиз. Бирок баргандан кийин кан басымым көтөрүлүп, башым катуу ооруп, ден соолугум начарлай баштады. Жергиликтүү дарыгерлерге кайрылсам ар кандай себептерди айтып, так диагнозун таба алышкан жок. Анан башка медицина борборлору менен акылдашууну сунушташты. Мындан улам чет өлкөгө (Түркияга) чыгууга аргасыз болдум. Анан авиабилеттерди салыштырсам Бишкектен Стамбулга чейин 1000 доллар экен, Алматыдан 500 долларга чыгып калды. Ошол жактан дарыгерлер боор менен байланышкан диагнозун аныктап, дарыландым. Кудайга шүгүр, ден соолугум азыр жакшыраак. Бирок дагы маал-маалы менен дарыланууга барып турушум керек", — деди Айдарбеков.
Ошондой эле ал кыргыз-казак чек арасынан өтөрдө жеке өзүнө байланыштуу эч кандай көйгөй болбогонун, кесиптеши Жамгырчиевге жардам берип туруп калганын кошумчалады.
Прокуратура Эмил Жамгырчиевди актоо өкүмүн жокко чыгарууну талап кылууда