Диетолог кимге мандарин жеген кооптуу экенин эскертти

Мандариндин курамында фруктоза болгондуктан, кант диабети менен ооругандарга көп жегенге болбой тургандыгы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жаңы жылдык жыпар жыттуу мандарин даамдуу гана эмес, ошондой эле абдан пайдалуу: анда адам үчүн зарыл болгон бир катар заттар бар. Бирок кээ бирлер мандаринди чектелүү жеп же андан такыр баш тартышы керек. Бул тууралуу Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин гастроэнтерология жана гепатология илимий клиникалык жана билим берүү борборунун ассистенти Наталья Круглова "Прайм" агенттигине берген маегинде билдирди.
Дарыгер мындай чектөө тамак сиңирүү, ашказан жана он эки эли ичегинин жарасы, панкреатит менен ооруган адамдарга, айрыкча оору курч стадиясында болгондорго тиешелүү экендигин айткан.
"Мандарин ашказан менен ичегилердин былжыр челинин дүүлүктүрүшү мүмкүн болгон бир катар органикалык кислоталарды жана диеталык булаларды камтыйт", — деп түшүндүргөн Круглова.
Бирок ремиссия стадиясында, мындай адамдарга мандаринди аз өлчөмдө колдонууга уруксат берилет.
"Кант диабети менен ооругандарга бул мөмөнү көп жегенге болбойт. Анын курамында жөнөкөй углевод – фруктоза бар, андыктан күнүнө эки-үчөө менен чектелген оң", — деп жыйынтыктаган диетолог.
Дарыгер мандаринди көп жеп алуунун кесепетин айтты