Адахан Мадумаров курултай боюнча Конституциялык сотко даттанды

Эл өкүлү курултайда кабыл алынган чечимдердин баарын мыйзамсыз деп табууну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Элдик курултай мыйзамсыз өттү деп Конституциялык сотко даттанды. Бул туурасында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын катчылыгы билдирди.
Мадумаров кечээ, 22-декабрда, Конституциялык сотко президенттин 15-августтагы "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жана 28-сентябрдагы "Элдик курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыктарын конституциялык эмес деп табуу жөнүндө сунуштама берген.
"Элдик курултайдын макамы Конституцияда бекитилген. Ошентип бул Баш мыйзамдын 7-беренесине ылайык мыйзамдаштырууга, конституциялык мыйзамды кабыл алуу менен камсыз кылынууга тийиш. Бирок белгиленген конституциялык талаптарга каршы, президенттин жарлыгы курултайдын ишин уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин жөнгө салат. Бул Конституциянын талаптарына жана мыйзамдарына түздөн-түз карама-каршы келет. Бишкекте өткөн эки күндүк Элдик курултайдын жыйынтыгында мыйзамсыз жана күмөндүү токтом кабыл алынган. Жыйынга аймактардан 1 036 делегат, конфессиялык коомчулуктан — 10,  мигранттардан — 26,  баш-аягы 1 072 делегат катышты. Ушундан улам кабыл алынган чечимдердин баары мыйзамсыз деп табылат", — деп жазылат катчылыктын билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун жыл башында Жогорку Кеңеш кабыл албай койгон. Мындан улам президент Садыр Жапаров өзү жарлык чыгарып, аны өткөрүүнүн жол-жобосун бекиткен. Анын негизинде 25-26-ноябрь күндөрү өлкөнүн бүт аймактарынан делегаттар чогулуп Бишкекте Курултай өткөн.
Наныбыз адал болсун. Мадумаров мыйзамсыз иштер боюнча комиссия түзүүнү сунуштады