24-декабрга карата аба ырайы

24-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Ишембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас жана Чүйдө -2...+3, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +3...+8, Ысык-Көлдө -1...+4, Нарын облусунда -7...-12 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкек шаарында 0...+2, ордолуу Ошто +4...+6 градусту көрсөтөт.
Адистер баланы булганган абанын зыянынан коргоо жолдорун тизмектешти