ГЭС куруп, чубалгы тартып... Кыргызстан энергетиктеринин мээнеттүү эмгеги сүрөттө

22-декабрь — кыргызстандык энергетиктердин кесиптик майрамы. Sputnik Кыргызстан агенттиги калкты жарык менен камсыз кылган кесип ээлеринин ишиндеги кызыктуу архивдик ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
Ысык-суукка карабай элди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга аракет көргөн энергетиктерге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Алардын карамагында азыр Токтогул, Күрп-Сай, Үч-Коргон, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Ат-Башы ГЭСтери, Бишкек жана Ош ЖЭБи, Датка — Кемин көмөк чордону менен миңдеген чакырымга созулган электр чубалгылары бар.
Өлкөнүн булуң-бурчу, алыскы кыштак, мал сарайларга чейин электр жарыгын жеркирген тармакта 15 миңден ашык кызматкер эмгектенет. Кара жанын карч уруп ак кар, көк музда иштеген адистер миллиондогон жергиликтүү тургунду жарык менен камсыздайт.
Баса, Sputnik Кыргызстан республика кантип электрлештирилгени туурасында кызыктуу материал даярдаган.
1 / 17

Кыргызстандын энергетикасынын флагманы болгон Токтогул гидроэлектр станциясын курган жаратмандар. 1972-жыл

2 / 17

Гидрокуруучулар тоодогу күндүн ысыгынан калкаланууда. Жалал-Абад облусу, 1975-жыл.

3 / 17

Борбор калаанын четиндеги азыркы Лебединовка ГЭСин курган кыз-келиндер. Ал гидроэлектростанция согуш маалында ишке берилген.

4 / 17

Нарын — Ат-Башы электр чубалгысында оңдоо иштерин жүргүзгөн жумушчулар, 1969-жыл

5 / 17

Токтогул ГЭСинин гидроагрегатын ишке даярдаган энергетиктер

6 / 17

Ак кар, көк муз баскан тоодо электр чубалгысын тарткан кызматкер

7 / 17

Нарын дарыясынын боюна курулган Күрп-Сай ГЭСиндеги жумушчулар, 1982-жыл

8 / 17

Оор шартта иштеген монтаждоочулар. Жалал-Абад облусу, 1971-жыл.

9 / 17

Союз маалында ГЭСтердин курулушу күнү-түнү төрт мезгил бою жүргөн. 1974-жыл

10 / 17

Көмөк чордондун иштөөсүн көзөмөлдөгөн кызматкерлер. 1984-жыл

11 / 17

Республикадагы гидроэлектростанциялардын курулушуна миңдеген киши катышып, миллиондор жумшалган. Ошентип өлкөнүн гидроэнергетикасы түптөлгөн.

12 / 17

Токтогул гидроэлектростанциясында тоннелде иштеген жумушчулар. 1970-жыл

13 / 17

Нарын дарыясынын боюнда тоо этектеринде иштеген ширетүүчүлөр. 1972-жыл

14 / 17

Күрп-Сай ГЭСинин куруучулары плотинанын тетиктерин оңдоодо. 1981-жыл

15 / 17

Союз маалында Нарын дарыясында эле кубаттуу 22 гидроэлектр станциясын курууга мүмкүн экендиги аныкталган. Энергетиктерди ташыган автобус, жүк ташуучу унаалар.

16 / 17

Өлкөдөгү ГЭСтердин курулушуна альпинисттер да тартылган. Алар энергетиктерге чоң жардам көрсөткөн.

17 / 17

Үч-Коргон ГЭСинде жигердүү иштеген ширетүүчүлөр, монтаждоочулар

Тема боюнча:
Динозаврдын сөөгү, Будда эстелиги. Археологдор Кыргызстандан эмнелерди табышкан
Кыргызстандын жаратылышына кызыгып келген чет элдиктер. Архивдик ирмемдер