Орус тилчи мугалим башталгыч класстагы окуучуларды окутат. Ал окууда кыйналган айрым балдарды сабактан кийин алып калып өткөн темасын кыргызча түшүндүрүп берет. Орус улутундагы 22 жаштагы агартуучунун мындай дилгирлиги, жөндөмү көпчүлүк ата-энелерди кубантат.
Мугалимдин айтымында, ата-энелер балдарын Мухортованын классына киргизгенге аракет кылат.
"Мен сабакты орус тилинде өтөм. Сабак бүткөндөн кийин орусчаны жакшы билбеген окуучулардын айрымдарын алып калып өткөн теманы 20-30 мүнөт кыргызча түшүндүрүп берем. Мындай учурда ата-энелер мага ыраазы болуп калышат. Анткени алар менин кыргызча да жакшы сүйлөй турганымды билет. Кээде балдарын атайын мага алып келип менин классыма киргизет", — деди Мухортова.
Жаш мугалим бир жыл мурун кыргыз жигитине турмушка чыккан. Ал кыргыздын каада-салт, үрп-адатын да мыкты билет, кайын журту менен да кыргыз тилинде баарлашат.
Тема боюнча: